Жалал-Абадда орозо айында кылмыштуулуктун саны кыскарып, жол кырсыгы азайды
Жалал-Абад облусунда орозо айы ичи кылмыштуулуктун саны азайды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Орозо айындагы кылмыштуулуктун көрсөткүчү менен башка айлардагы көрсөткүч салыштырылып жыйынтык чыгарылган. Натыйжада кылмышка баргандар кескин түрдө азайган. Орозо күнүндө 30 күндүн ичинде 600дөн ашуун ар түрдүү кылмыш окуялары катталса, башка айларда 900дөн ашуун кылмыш жасалып келген", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 28 пайызга кыскарган. Тактап айтканда, орозодон мурунку айда 74 жол кырсыгы орун алса, орозо айында 53 жол кырсыгы катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.