super.kg logo

Бак кулаган унаада жабыркаган 12 жаштагы өспүрүм кыз эсине келди

 

23-июнда катталган катуу шамалда Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндө бараткан Мерседес-Бенц-спринтер унаасынын үстүнө бак кулап, андан жабыркаган өспүрүм кыз оор абалда ооруканага жеткирилген. Бүгүн, 25-июнда жабыркаган кыздын агасы Адилет Өмүрбеков анын эсине келгендиги тууралуу SUPER.KG порталына маалымдады.

Анын айтымында, карындашы Аделя бак кулаган кезде жүрүп бара жаткан Мерседес-Бенц-спринтер унаасынын ичинде болгон. Бак унаанын үстүнө кулап анын баш мээси чайкалып, моюн, акыреги жабыркаган. Ал эми унааны башкарып бара жаткан айдоочунун колу сынган.

"Карындашым Аделя кечээ бир жолу эсине келип "апа" деп кыйкырган. Бирок кайра эле эсин жоготуп койгон болчу. Бүгүн, Кудайга шүгүр, эсине келди, өз алдынча отуруп калды. Дарыгерлер 2 күн эсине келе албай жаткандыгын катуу коркуп, чочуп калгандыгы менен байланыштырып жатышат", - дейт Өмүрбеков.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаардык №3-ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков өспүрүм кызды жасалма дем алдыруучу аппарат менен карап жаткандыктарын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.06.2017. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
жакшы кабар Аллахым шыпаасын берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: