super.kg logo

Кочкордо айдоочу 3 туристти унаасы менен сүзүп, алардын бири каза тапты

 

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 20 жаштагы айдоочу Германиядан келген 3 туристти сүзүп алды. Бул тууралуу Нарын облустук Патрулдук милиция башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Оторов SUPER.KG'ге билдирди. Маалыматта белгилүү болгондой, кырсыктаган 3 туристтин бири окуя болгон жерден каза тапкан.

"Окуя кечээ, 25-июнда түшкү саат 12:40 чамасында болгон. 20 жаштагы Ауди 80 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол жээгинде жөө кетип бара жаткан 3 адамды сүзүп алган. Алар Германиянын жарандары, туристтер болуп чыкты. Тилекке каршы, 33 жаштагы Л.Хесе аттуу аял окуя болгон жерден каза тапкан. Ал эми 26 жана 28 жаштагы эки эркек киши райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылышкан. Туристтерден тышкары унаанын айдоочусу да жаракаты менен ооруканага жеткирилген. Унаада айдоочудан башка 17 жашар бала да болгон. Анын айтымы боюнча айдоочу экөө унаасын жуудуруп келебиз деп Кара-Тоо айылынан Кочкорго сапар тартышкан. Жолдон унаанын дөңгөлөгүн шагыл тартып кетип, рулду башкара алышпай жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алышкан", - деп билдирди Оторов.

Учурда унаа айып жайга токтотулган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат деп кошумчалады. Алардын абалы турукташа электигине байланыштуу Бишкектеги ооруканага жеткирүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.06.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман иш болуптур
26.06.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман болуптур.карасан ошолордун тушуга барганда шагыл тартып кеткенин.
26.06.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажал келсе ар жерден алып кетет.
Биздин мекендештер деле башка олкодо коз жумуп жатышпайбы?
Калган экоо жакшы болуп кетишсин эми.
26.06.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шалакы айдоочулар учун куноосуз адамдар бул дуйно менен коштошкону окундурот
28.06.2017. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акырын айдаса шагыл тартып кетсе деле олмок эмес катуу бараткан жетишпей калган...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: