super.kg logo

Бул жылы мөмө-жемиштердин баасы өткөн жылга салыштырмалуу 10-15 сомго кымбат, базардан фоторепортаж

 

Аптаптуу жай келип, дыйкандар алгачкы түшүмдөрүн жыйнап, базардын көркү жаңы бышкан мөмө-жемиштер менен ачылып турган чак. Табитти ачып, суктандырган мөмөнүн ырахатын керектөөчүлөр да татууда. SUPER.KG порталы Бишкек шаарындагы мөмө-жемиш дүңүнөн сатылган "Сары-Өзөн" базарындагы бааларга баам салды.

"Бул жылы баалар өткөн жылдагыга караганда 10-15 сомго кымбат. Анткени жаздын келиши менен күн суук болуп жаан көп жаап жашылча, мөмө-жемиштер кеч бышты. Ошентсе да базардан издеген жемишиңди табасың. Биз сатып жаткан товарлардын айрым бөлүгү Кытай, Тажикстан, Өзбекстандан алынып келинет. Учурда картошка, пияз, коон, дарбыздын баасы күн сайын төмөндөп жатат. Анткени дыйкандардын жаңы казылган картошкасы базарга алынып келинүүдө. 1 килограмм картошка 15 сомдон 30 сомго чейин, пияздын 1 килограммы 25-30 сом болууда. Жергиликтүү болгар калемпири 50 сом болсо Кытайдан алынып келинген болгар калемпиринин 1 килограммы 150 сомдон сатылып жатат", - деди соодагер Асел Бакалова.

Базардын түштүк жагынан жергиликтүү дыйкандар өз огородунан алынган жүгөрүлөрдү сатууда. Кардарлар анын даанасын 15 сомдон сатып алууда.

Базардагы Баткен өрүгүнүн 1 килограммынын дүң баасы 90-95 сом болсо, чекене баасы 100 сомду түзөт. Ал эми гиластын килограммы 140 сом, Ташкенттен алынып келинген жүзүмдүн наркы 50 сомдон 100 сомго чейин. Шабдалыны сортуна жараша кардарлар 50 сомдон 70 сомго чейин сатып алууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.06.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалган айтпагылачы эң арзан бадыраң болуп атат20сомдон, картошка 25-30дан түшө элек
26.06.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жузум быштыбы
26.06.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада бул баалардан 2 эсе кымбат картошканы 55 пияз 50 бадыран 100 памидор 150 ж.б
26.06.2017. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арзаан элего силер кымбат жазыпсынар
26.06.2017. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвада бир аз болсо да акча таап бул баалар силерге арзан болушу мумкун, бирок жергиликтуу эл учун колунда барга эч нерсе эмес , ал эми аз айлыка иштеген элге бул бир аз оор . Жумуш да жокко эсе...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: