super.kg logo

Ата-энеси сырткы жана ички миграцияда жүрүп, туугандарынын колунда калган балдардын саны 40 миңге жетти

 

Жыл башынан бери өлкөнүн аймагында ата-энеси жакындарынын кароосуна калтырып тышкы жана ички миграцияда жүргөн 14 жашка чейинки 40 миңден ашык бала аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкармалыгынын ага тескөөчүсү Марат Сапаев билдирди.

Анын айтымында, ички жана сырткы миграцияда жүргөн ата-энелердин көбү Жалал-Абад, Ош жана Чүй облусунан.

"Жыл башынан бери балдарга карата жасалган 400дөй кылмыш иши катталса, анын ичинен 50сү сексуалдык зомбулук экени аныкталды. Өткөн жылдын жарым жылдыгында да балдарга карата 400дөй кылмыш катталып, анын 30у сексуалдык мүнөздө болгон. Бул көрсөткүчтөр ата-энеси сыртта жүргөн балдарга жасалган сексуалдык зомбулуктун бетин ачуу жогорулаганынан кабар берет. Кароосуз калган бала – бул зомбулуктун объектиси", - деди Сапаев.

Балдарды коргоо уюмдарынын ассоциациясынын юристи Мирлан Медетовдун айтымында, 2015-жылы балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндүгү үчүн өлкөдө 1100 адамга кылмыш иши козголгон. Ал эми 2016-жылы 1000 кишиге кылмыш иши козголуп, көрсөткүч 10 пайызга төмөндөгөн.

"Зордук-зомбулукка кабылган балдардын саны мындан көп болушу мүмкүн. Себеби балдардын ата-энеси менен балдарды кордогондор өз ара чечимге келишип, зомбулук көрсөткөндөр сот жообуна тартылбай калууда", - деди юрист.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
26.06.2017. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бекердин бешин айтыптыр. Учурда миллиондон ашык жараныбыз тышта журот мигрант болуп, анын болжолдуу 80%ти Россияда. Алардын копчулугунун балдары жигиттин же келинчегинин ата-энесинин колунда же башка туугандарынын. Андай балдардын саны миллионго жетет, эгер миллиондон ашпаса.... Дагы Кудайды карап суйлобой 40 мин дешет оозу-мурду кыйшайбай! Уялбайсынарбы калп айткандан!!! Прокурору да, соту да, депутаты да, министрлери да, президенти да калпычы!!! Стат.комитет номер биринчи калпычы.
26.06.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу
26.06.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн окунучтуусу бул нерсени женил жана конумуш катары кабыл алып калганы.Менин да кызым 7 айлык болду.Кайын энем ташта мен карайм деп кенири эле айтты.Куурчак эмес да бала.Жолдошум конбоду бутун нан жесен жарымын жеп тура бересин баланы эч качан таштабайбыз деп.
26.06.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жетет да чондорубуз оз чонтокторун толтуруп журсо зарплатаны хотя бы 25 мин кылып койгондо эч ким тентибейт болчу. Буларга бир чети жакшы да чондорго чет жактан акча которулуп казына ошол менен байып жатса анан бокпу элге зарплатасын коиоруп бергенде буларга не выгадно же
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: