super.kg logo

Лондондо полиция менен демонстранттар кагылышынан 6 полиция кызматкери жаракат алды

 

Улуу Британиянын борборунда нааразычылыкка чыккан тургундар менен полиция кагылышып, 6 полиция кызматкери жаракат алды. Окуя 25-июнь күнү кечинде болгон. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, жаракат алган полиция кызматкеринин төртөө ооруканага жаткырылды.

Нааразычылык кара терилүү Эдира Фредерико да Коста аттуу жарандын 10 күн мурун полиция тарабынан кармалып, андан кийин ооруканага өзүн билбей калган абалда жатып калып, каза болгонунан улам башталган. Акцияга чыккандардын негизги талабы анын өлүмүнө себепкер болгондорду жазага тартуу болгон. Алар каза болгон адамды полиция катуу сабаган деп жатышат. Ал эми полиция соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, маркумду сойгондо уруп-согуунун издери болбогонун айтты.

Окуядан улам демонстранттар алгач Форест-гейт участкасынын алдына чогулуп, эскерүү мөөнөтүн уюштуруп, андан кийин баш аламандыкка барышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: