super.kg logo

Америкада унаанын ичинде унутулуп калган 7 айлык ымыркай чарчап калды

 

Америкада күн катуу тийген жерде турган унаанын ичиндеги ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялоодо. Маалыматта жазылгандай, Американын Хьюстон шаарында 7 айлык ымыркай аба ырайы +32°C болуп жатканда унаанын ичинде 10 саат жаткан.

Маалыматта жазылгандай, чарчап калган ымыркайдын андан улуу 2 агасы бар. Атасы ал экөөнү шаардын борборуна алып барып, унаадагы кичүү уулун бала багуучуга жеткирүүнү эсинен чыгарган.

Полициянын айтымында, балдардын атасы ымыркайды эсинен чыгарып жумушуна кеткен. Качан гана ага жубайы чалып, балдар жөнүндө сураганда наристе тууралуу эсине түшүп унаага жүгүргөн. Бирок бул убакта ымыркай дем албай калган эле.

Бул балдар унаада калып көз жумган алгачкы окуя эмес. 2008-жылы орусиялык 2 жаштагы Дима Яковлев аттуу баланы америкалык түгөйлөр асырап алышкан. Көп өтпөй ал унаада унутулуп калып, жайдын аптабында жабык турган унаанын ичинде көз жумган. Ушундай эле трагедиялуу окуя 2013-жылы Американын Иллинойс штатында катталган. Анда 2 жаштагы баласын мас абалдагы атасы унаага унутуп, үйүнө кирип уктап калган. Полиция кызматкерлери наристенин жансыз денесин тапкан учурда сырттагы аба ырайы +32°C болсо, бек турган унаанын ичиндеги температура +43°C болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
26.06.2017. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кудай сактай кор андан коро телефонун унутпайбы..
26.06.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кантип унутат жетишпейт окшойт да, машинанын эшигин жапканда да текшерип коросун го акыры!!!
26.06.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
RusMos76,кудай сактасын! Сынтакпайлы!
26.06.2017. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Телефонун унутуп калганда,эстеп кайтып келмек,азыркы заманда.
26.06.2017. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баланы да унутчуу беле ???
26.06.2017. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Э кудай баланы да унутабы. Баланы бир минут да унутпайсың го. Менин балам менен тең экен. И бомпок десе. Өнөрү чыгып калган маал экен да. Байкуш канчалык кыйналды экен
26.06.2017. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жүрөгүм ооруп кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: