super.kg logo

Өзгөчө долбоор: Бир адам канча таштанды таштайт?

 

Заманбап жашоонун агымы менен адам канча таштанды чыгара турганын франциялык фотограф Антуан Репез өзүнүн сүрөттөрүндө көрсөткөн. Ал өзү канча таштанды чыгара турганын көрүү үчүн 4 жыл бою калдыктарды үйүнөн чыгарбай чогулткан.

Novosti-n басылмасынын маалыматы боюнча, фотограф 70 метр куб таштанды чогулткан. Анын ичинде ичимдиктердин жана сүттүн болжол менен 1600 даана бөтөлкөсү, 800 килограмм гезит, даарат кагаздары оролуучу түтүкчөлөр менен күнүмдүк таштандылары да бар.

Алгач эксперименттин идеясыбы же фото долбоордун идеясы жаралганбы белгисиз бойдон калууда. Кантсе да, Антуан Репездин иши көпчүлүктү таасирлентти.

Анын сүрөттөрү жарыяланган соң социалдык тармактардын жана форумдардын колдонуучулары ар бирибиз таштаган тоодой үйүлгөн таштандылар тууралуу талкуулашканы жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: