super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков "фракциялык добуш берүү" деген түшүнүктү киргизүүнү сунуш кылды

 
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков КСДП фракциясынын 17-майдагы жыйынында депутаттарга "фракциялык добуш берүү" деген түшүнүктү киргизүүнү сунуш кылды. Депутаттар өз учурунда "Регламент жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна президенттин каршы пикир билдирүүсүнө жооп катары атайын комиссия түзүүнү чечишти. Фракция депутаттары ЖКнын жыйындарында жумушка келбеген кесиптештеринин ордуна добуш берүүгө жол берген норманы калтырууну сунуштоодо. Бирок бир депутаттын башка депутаттын атынан добуш берүүсүнө мыйзам долбоорлорунун 1-2-окуусунда гана уруксат берилет. Ал эми үчүнчү окууда, башкача айтканда, сунушталган мыйзам кабыл алына турган учурда ар бир депутат өзү үчүн гана добуш берет.  Айта кетсек, буга чейин "Регламент жөнүндө" мыйзамга президент каршы пикир билдирген. Өлкө башчы муну жыйындарга депутаттардын себепсиз катышпаган учурлары көбөйүп, парламентте баш аламандык жаралышы мүмкүн деген кооптонуу менен түшүндүргөн. Аталган мыйзам, айтылгандай, бир депутаттын экинчисинин ордуна да добуш берүүсүнө жол берет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: