Атамбаевдин кызы Алия Шагиева 1 аптадан бери кыргыз тилинен котормочу таппай жатат

Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактардагы өздүк баракчасына жазган тексттерин орус тилинен кыргыз тилине которуп берүүнү каалагандарга ыраазычылык билдирди. Ал кечээ, 26-июнда фейсбуктагы баракчасына кыргыз тилине котормочуну дагы деле издеп жатканын жазган.
"Жөн гана билимин бөлүшүү идеясы үчүн тексттеримди акысыз которуп берүүнү сунуштагандар көп болду. Сиздер мыктысыздар. Эми аныктап, достошуп баарын башташ керек. Тандоо абдан кыйын болуп турат, кимдир бирөөнү капа кылып аламбы деп корком. Адамды тандоодо жаңылуу ар дайым көңүл оорутат", - деп жазган ал билдирүүсүндө.
Эске салсак, Шагиева 1 апта мурун кыргыз тилин билбей тургандыгын моюндап, аны үйрөнүү ниети бар экенин жазган.
"Тилекке каршы, учурда тил үйрөнүү курстарына барганга убактым жок, бирок мен бир жолун ойлоп таптым. Эми менин тексттерим үч тилде жазылат: кыргыз, орус жана англис тилдеринде. Мындай ыкма көптөгөн сөздөрдү, сөз айкаштарын бат жана оңой үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул үчүн мага кыргыз тилинен котормочуну табууга жардам бериңиздер. Ал адегенде коомчулукка өз билимин бөлүшүүнү, коомго пайда алып келүүнү ойлогон адам болушу керек. Акча табуу жөнүндөгү каалоосу ушулардан кийинки орунда турушу керек", - деп жазылат билдирүүсүндө.

Кыргыз тилин озгоштуруп кетеерсин эч капаланба
кыргыз тилинин жок болуп бараткандыгынын коркунучтуу белгиси сыяктанат, озгочо намысы жок"КИРГИЗка"нын кылыгы кыжырга тиет .....
Эл кой десе кайра ансайын оолуккан кыз экен, атасын тартып...
Эне тилин сүйбөгөн элин сүйүп жарытпайт "