Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында миграциялык саясатка байланыштуу тегерек столдор өтөт
Ош шаарында өткөн тегерек столдон бир учур


Ош шаарында өткөн тегерек столдон бир учур

Ош шаарында өткөн тегерек столдон бир учур
Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында “Замандаш” ассоциациясы тарабынан уюштурулган “Мамлекеттик миграциялык саясат концепциясы: жол издөө” аттуу тегерек столдор өтөт. Бул тууралуу аталган ассоциациянын басма сөз кызматы билдирди. Алгачкы жыйын Ош шаарында бүгүн, 17-майда өттү. Иш-чарага окумуштуулар, ЖОЖ окутуучулары, бийлик органдарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышмакчы. Ал эми Жалал-Абадда 20-майда “Жалал-Абад облусуна миграциянын тийгизген таасири” аттуу жыйын болсо, Баткен шаарында “Чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын Баткен облусунун өнүгүшүнө инвестициялык жана кадрдык жактан кошкон салымы” аталыштагы жыйын 22-майда өтмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

