super.kg logo

Баңгизатка каршы күрөшүү күнүнө байланыштуу Бишкекте 3,5 тонна кара куурай өрттөлөт

 
БУУнун баңги заттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин башчысы Александр Федулов.

Бүгүн, 27-июнда Ички иштер министрлигинин баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизатка каршы башкармалыгы 2017-жылдын жарым жыл аралыгында чогулган маңзатты жок кылуу иш-чарасын уюштуруп жатат.

SUPER.KG порталына БУУнун баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы программалык кеңсесинин башчысы Александр Федулов иш-чара боюнча төмөнкүдөй билдирди.

"1987-жылдан бери жыл сайын 26-июнда Бүткүл дүйнө баңгизаттарды кыянаттык менен пайдаланууга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн белгилеп келет. Бүгүн ошол күндүн алкагында Кыргыз ИИМи менен биргеликте Кыргыз өлкөсүнүн аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн кармалып чогулган 3,5 тонна кара куурай жок кылынат. Мунун баары соттук териштирүү иштери бүткөн ушул жылдын жарым жыл аралыгында алынган баңгизаттар", - деди Федулов.






Жарандардан мыйзамсыз алынган кара куурайлар жок кылынат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: