super.kg logo
  Саясат  

Монголиядагы президенттик шайлоодо жеңүүчү аныкталган жок

 

Кечээ, 26-июнда Монголияда президенттик шайлоо өтүп, жыйынтыгында 3 талапкер тең шайлоочулардын 50 пайыздан жогору добуштарын ала алышкан эмес. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланды.

Эми жеңүүчү 2-турда аныкталат. Монголиянын мыйзамына ылайык, шайлоонун 2-туру 1-турдун жыйынтыгы чыккан соң 14 күндүн ичинде өтүшү керек. Анда алгачкы турда алдынкы 2 орунду алган талапкерлер ат салышышат.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча талапкер Халтмаа Баттулга шайлоочулардын 517 151 добушун алса (38,65 пайыз), Миеэгомбо Энхболд 411 154 (30,73 пайыз), Сайнхүү Ганбаатар 409 767 добуш (30,62 пайыз) алган.

Өлкө боюнча 1983 шайлоо участкаларында 1 миллион 978 миң шайлоочу катышмак. Өлкөнүн БШКсынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын 66,54 пайызы өз добуштарын беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: