super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети кворумду тыныгуудан кийин да чогулта алган жок

 

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети кворум чогулта алган жок. Комитеттин төрайымы Асел Кодуранова кворум жок болгондуктан жыйын өтпөй турганын айтты. Эске салсак, бүгүн жыйында 20 маселе каралмак. Комитеттин бул сессиядагы акыркы жыйыны болчу. Каралбай калган маселе эми күзүндө каралат. Акыйкатчы Кубат Оторбаев жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө баяндама жасамак. Ошондой эле "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралмак. Ал эми айыл өкмөттүн башчыларын түз шайлоого багытталган мыйзам долбоор экинчи окууда каралуусу күтүлгөн.

Депутат Асел Кодуранова жардамчысына Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго келбеген эл өкүлдөрүнө чара көрүү боюнча кат даярдоосун тапшырды. Буга чейин Кодуранова жарым сааттын ичинде комитеттин мүчөлөрүн чогултууга убада берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: