super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев Төрөбаевге: "Биз чогуу жасай турган иштер көп"

 

Бишкекте бүгүн, 27-июнда "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын курултайы өтүүдө. Анда сөз сүйлөгөн саясатчы Камчыбек Ташиев (сүрөттө) партиянын лидери Бакыт Төрөбаевге: "Кудай буюруп, сиз мамлекет башына келип калсаңыз кыргыз эли өкүнбөйт. Жараткандын назары түшкөн адам гана президент болот дейт, бул нерсе сизден кыйгап өтпөсүн. Мен башкалардай болуп сизге кеӊеш бере албайм. Анткени биз, экөөбүз замандашпыз, чогуу жасай турган иштер көп. Сиз бүгүн мекенчилдик боюнча айткан сөздөрүӊүзгө абдан ыраазы болдум. Сиздин партия жаш болсо да өлкөдө олуттуу саясий күчкө айланганын эч ким тана албайт", - деди.

Жогорку Кеӊештин депутаты Жанар Акаев өлкөдө кадр саясаты талкаланганын, бул көйгөй шайлоодон кийин жоюлат деп үмүттөнөрүн айтты. "Шайлоодо административдик ресурстарды колдонгон адамдарды баарыбыз биргеликте уяткаралы. Баарыңыздардын колуңуздарда смартфон бар. Эгерде студенттерди, жаштарды бийлик кимдир бирөөнү колдоого чакырса, видеого тартып алып жайылткыла. Биргеликте алардын бетин ачабыз", - деди Акаев.

"Өнүгүү-Прогресстин" курултайында быйыл 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого партия лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги бекитилери күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: