super.kg logo

Жалал-Абад шаарында депутаттар 7 айдан бери сессияга чогула албай жатышат

 

Бүгүн, 27-июнда Жалал-Абад шаардык кеңешинин 8-чакырылышынын алгачкы сессиясы үзгүлтүккө учураганы боюнча “Жаңы багыт” көпчүлүк коалициясы маалымат жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Жаңы багыт” коалициясынын лидери Сайдилла Чимбердиев билдирди.

“Жаңы шайланып келген 31 депутат 23-июнда сессияга чогулуп, уюштуруу иштерин карамакпыз. Күн тартибине, төраганы жана анын орун басарын, туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо коюлган болчу. Бирок көпчүлүк коалициянын 18 депутаты гана келип, азчылык каолициянын 13 депутаты белгисиз себептер менен келбей койду. Эми кийинки сессияны 29-июнга белгиледик. Анда да келбей коюшса, регламентти өзгөртүп төраганын орун басарын шайлайбыз. Мыйзамда орун басарды шайлоого 16 депутаттын колу жетиштүү. Антпесе 7 ай болду, шаардын бюджетине бөлүнгөн 350 миллион сомдун башы ачылбай турат. Төраганын орун басарын шайлагандан кийин бюджет боюнча комитетти бекитип, жумушту алдыга жылдырышыбыз керек”, - деди Чимбердиев.

Жалал-Абад шаардык кеңешинде жалпы депутаттардын саны 31. Алардан көпчүлүк коалиция “Жаңы багытта” КСДПдан 8, “Мекеним Кыргызстандан” 4, “Кыргызстан” партиясынан 3 жана “Республикадан” 3 депутат бар. Ал эми азчылыкта “Өнүгүү Прогресстен” 9, “Ата Журттан” 4 депутат.

Белгилей кетсек, аталган шаардык кеңештин былтыркы жылы шайланган депутаттары да белгиленген сессияларга чогула албай аягында ыдырап, кайра шайлоо өткөрүлгөн болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.06.2017. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин тагдыры менен ойногон шукалар!
27.06.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талаша бербей берип койсо болмок онугуу мн ата журт. Баары бир сдпкдан ала албайт
28.06.2017. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келбесе бошотуп берсин кийинкилерге бизде 3 жолу келбесе бошойт. Элдин тагдырын ойлобой экиге болунсо ишта болбой дагын таркаса эл шайлоого келбей койот эми
talant87 түзөттү 2017-06-28 08:23:08
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: