super.kg logo
  Саясат  

Текебаев менен Чотоновдун сотунда күбөлөр көрсөтмө берди (аудио)

 

Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө. (Сотто видео-сүрөт тартууга тыюу салынгандыктан түз эфирде аудиожазуу жүргүзүлүүдө).

Эскерте кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Ө.Текебаевге жана Д.Чотоновго кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Кечээки отурумда негизги күбө катары чакырылган орусиялык ишкер Алексей Модин көрсөтмө берип жатып, "Мегаком" иши боюнча Маевскийден Текебаевге делген 300 миң долларды ортомчу Талант Маматкеримовго бергенин айткан. Текебаевдин жактоочулары Модин калп айтып жатканын айтышкан. Жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу сот отуруму бүгүнкү күнгө дайындалган.

Текебаевдин сотундагы күбө Алексей Модиндин көрсөтмөсү

Текебаевдин сотундагы күбө Руслан Оңолбековдун көрсөтмөсү


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: