super.kg logo

Google`га Еврокомиссия 2 миллиард евродон ашуун айып салды

 

Европалык комиссия Google корпорациясына антимонополдук мыйзамды бузгандыгы үчүн 2 миллиард 420 миӊ евро айып салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, комиссия мындай чечимди корпорациянын интернеттеги издөө системдери рыногунда үстөмдүк кылган абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн чыгарган. Март айында Чикагонун Федералдык соту "Google" компаниясынын миллиондогон колдонуучунун биометрикалык маалыматтарын чогултуп сактап алуу менен, алардын жеке жашоосуна кол тийбестигин бузгандыгын аныктаган. Эгерде компания мындан кийин колдонуучулардын жеке сүрөттөрүн алардын макулдугусуз колдонсо, миңден 5 миң долларга чейин айып пул төлөп берерин сот Эдмонд Чанг билдирген.

Ал эми Google бул боюнча Еврокомиссиянын чечимине макул эместигин билдирип, сотко арыз менен кайрыларын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: