super.kg logo

«KG ГРУПП» кайрымдуулук иштери аркылуу калкты боорукер болууга чакырат

 
Бишкек шаарында
Кадамжай районунда
Ош облусунда

«KG ГРУПП» кайрымдуулук фонду жыл сайын Орозо айында кайрымдуулук акциясын уюштуруп, жардамга муктаж жарандарга жардам көрсөтүп келет. Бул жылы «Кадамжай» коомдук фонду менен биргеликте эң зарыл болгон азык-түлүктөр салынган кутулар муктаждарга таратылып берилди. Алгач «Кадамжай» коомдук фонду менен бирге «KG ГРУПП» кайрымдуулук фондунун президенти Имамидин Ташов Баткен облусунун Кадамжай районундагы турмуш-тиричилиги оор үй-бүлөлөргө 280 чакты азык-түлүк толтурулган кутуларды тапшырышты.

Андан кийин фонддун президентинин жетекчилигинин алдында Ош шаарындагы жана Кара-Суу районунун айыл өкмөттөрүндөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө да 280 даана кайрымдуулук баштыкчаларын беришти. Азык-түлүктү жалпысынан райондун 16 айыл аймагынан жардамга муктаж үй-бүлөлөрү алды.

Мындан тышкары райондук Социалдык коргоо башкармалыгында жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн тизмесине киргендерге жардам көрсөтүлдү. Жыл сайын мындай жардам Бишкек шаарында гана таратылганын эске алып, фонддун жетекчилиги быйыл өлкөнүн түштүк аймагындагы жарандарга да орозо баштыкчаларын таратууну туура көргөн. Бирок орозо айынын соңку күндөрүндө И.Ташов Бишкек шаарындагы жардамга муктаждарга да салтка айлантып алган кайрымдуулук аракеттерин көрсөттү. Тактап айтканда, борбор калаадагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө да азык-түлүк жагынан жардам берилди.

«KG ГРУПП» орозо кармаган бир адамды ифтарга чакырып курсагын тойгузганга караганда, бир үй-бүлөнү бир аптага жетерлик азык салынган баштык менен камсыздоону эп көргөн.

“Кыргыз өлкөсүндө ислам дининдеги бул маданиятты жайылтуу биздин башкы максат. Биз бул аракеттерибиз менен коомчулукка жардамдашууну жана берешен болууну жайылтабыз. Жакшылыкты адам ар дайым жасаш керек, бул, албетте, адамга кайтып келет. Биздин ишкана мындай кайрымдуулук иштерин улантууну токтотпойт. Өзгөчө орозо күнүндө калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү колунан келген ар бир мусулмандын милдети деп билем. Бизге жардамга муктаж, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды таппай калган, кой үстүнө торгой уялаган жакшы турмуш келет деп үмүт кылам”, - дейт Имамидин Ташов.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
28.06.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Имаш ака молодец!!! Сиздей адамдар коп болсо экен,мындан тышкары дагы канча жакшылыктарды кылып журосуз,Аллах сизден ыраазы болсун,жонокойлук,боорукерлигиниз баарына улгу болуп журо бериниз!
28.06.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Имаш гезит беттерине озун тез-тез рекламалап, мактанып калды. Мунун артында эмне турат, максаты эмне?!! Жон эле кайрымдуулук эмес бул. Чын дилден кайрымдуулук кылгандар, кылган жардамын санап, жасаган соопчулугун рекламалабайт!!!
28.06.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Revolyutsiya2,бардык нерсенин жакшы жагын ойлобойлубу тууганым? Гезит бетине жарыялабаган дагы канча жакшылыктарын коруп журобуз,орозодо орозо кармаган,кармабаганына деле ооз ачырып тамак бергенден коро колунда жокторго жардам берели деген угут болгондур башка боордошторго...
29.06.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сиздей адамдарды такыр тушунбойм. Озулор мындай иштерди кылбайт жана кылып аткан адамдардан кемчилик издешет.
28.06.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай кайрымдуулуктар коп болсун!!!Азаматтар!!!
28.06.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушундай калкпыз кайрымдуулук кылса да жакпайт,кылбаса да жакпайт
29.06.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азамат!
29.06.2017. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушу Строительная компания абдан жагат мага, уйлоруу туруктуу, жакшы условиялары менен. Сатып алып жатканда аябай вежливый сатуучулар. Озум Москвада иштеп алган болчумун, 3 ай сайын толоп. Рахмат силерге, оркундоп осо бергиле
29.06.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
азаматсынар ! сиздердей адамдар коп болсун ! ишинерге ийигилик !
29.06.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакыр жашаган уй булолор учун батир бергилечи арзын жана ынгайлуу баалар менен. Мисалы коп балалуу, иштеген иши бар бирок уй алалбай жургондорго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: