super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте бир жумада оңдолчу аялдаманын алды ошол бойдон" дейт окурман

 

Буга чейин 14-июнда "Элдик кабар" рубрикасына окурман Бишкектеги Бейшеналиева көчөсүндөгү аялдаманын айланасындагы шарт тургундарга ыңгайсыздык жаратып жатканын кабарлаган. Ошол эле күнү Бишкек шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Султан Өмүров аялдаманын алдындагы арык бир жумада жабылып, керектүү белгилер орнотуларын билдирген.

Бүгүн, 28-июнда арадан бир эмес, эки жума өтсө да, аялдаманын алды ошол бойдон турганын окурман WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Бейшеналиева көчөсүндөгү аялдаманын алдындагы арыкка көпүрө салынары жазылган. Жумуштарым менен барып калдым, баягы эле көрүнүш", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.06.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдаманын озун эле алып салыш керек ал жерден.
abusait түзөттү 2017-06-28 17:01:01
28.06.2017. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи ойлонбой эле урдура беришкенда.жок дебесе арыктын алдына салбайбы.аялдама деген аты эле болбосо алып салыш к.к элди иреенжитпеф.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: