super.kg logo

Бакай-Ата районунда бүтүрүүчүлөрдөн акча талап кылган эки милиция кызматкери жумуштан айдалды

 

Бакай-Ата районунда бүтүрүүчүлөрдөн акча талап кылган эки милиция кызматкери жумуштан айдалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева SUPER.KG порталына билдирди.

"Жогорудагы факты боюнча Талас ОИИБинин өздүк коопсуздук кызматы текшерүү жүргүздү. Анын жыйынтыгында видеодогу эки милиция кызматкери ички иштер органдарынан биротоло бошотулду. Ошондой эле чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Бакай-Ата райондук прокуратурасына жөнөтүлдү", - дейт Сарногоева.

Айта кетсек, 26-июнда эки милиция кызматкеринин бүтүрүүчүлөрдөн акча талап кылып жаткан видеосу тараган. Жарыяланган видеодо "ар бир унаа үчүн 200 сомдон акча чогулткула, болбосо унааңарды айып төлөөчү жайга койсок мамлекетке 2000 сомдон айып пул төлөйсүңөр" деп сүйлөшүп жатышканын угууга болот.

Кийин окуя Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун борборунда катталгандыгы аныкталган.






Бүтүрүүчүлөрдөн 200 сомдон сураган милиция

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
Медиа-портал
26.06.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таласский дан дан дандардан го))
Медиа-портал
26.06.2017. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эххх коооммм
Медиа-портал
27.06.2017. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
200 сомду ХХХ керек
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-27 09:34:22
Медиа-портал
27.06.2017. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
канча штраф салса толош керек. окуучуларга эскерткен мектепке чейин келип. 3 сутка камап салса жакшы болмок. Берлинге туу сайгансып айнектен башын чыгарышкан жаштарга. озумдун инимди кошуп камап салмакмын. кармалса эле депутат, министр байке тайкелерине звон кылып киришет. аларды кошуп камаш керек. ошондо башкача жашоо болушу мункун.
Медиа-портал
28.06.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurba.kubatovich,+++++++++1000%
28.06.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур!!! Таласты уят кылып чыгарбай эле койсо болмок!!!
28.06.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура кылат шакалаттарды.
28.06.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол элеби
28.06.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таласта гаишниктер ужас. Токтотуп эле акча ала беришет .документ текшерип да коюшпайт
28.06.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жол эрежесин бузган дагы биз акча берип жаман уйротуп алып анан акча алат деп жаман коробуз бардык нерсени озубуздон баштасак туугандар
29.06.2017. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МММ 5 жыл окуу кайран акча ата-энесинин умуту иш кириши 3000$ жаль 200 сомду дер ит итьигине баратда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: