super.kg logo

"Ак Кеме" мейманканасынын жетекчиси Башкы прокуратурага, Сооронбай Жээнбековго өтүнүч жолдоду

 

Бүгүн, 28-июнда "Сооронбай Жээнбековго түз суроо" пресс-конференциясында "Ак Кеме" мейманканасынын жетекчиси Руслан Сарымсаков "Мүлк" ишканасы рейдерлик жасоого ыңгайлашкан мамлекеттик эмес ишкана экенин айтты. Ал ишкана жакында гана түзүлүп, атайын рейдерлик жасоого ыңгайлашканын билдирди.

"Ак Кеме" мейманканасын 21-июнда саат 6:00дө эч кандай соттун чечими жок эле, мыйзам бузуулар менен басып алышты. Мен Башкы прокуратурадан бардык маалыматтарды анализдеп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жана "Мүлк" ишканасынын кызматкерлерин жоопко тартууну өтүнөт элем", - дейт Сарымсаков.

Андан тышкары Сооронбай Жээнбековго "Ак Кеме " мейманканасынын маселеси менен кайрылган соң мейманканага рейдерлик жасалганын айтты. Ошондой эле премьер-министрден мындай маселелерге абайлап мамиле кылууну өтүнөрүн, мурдагы премьер-министрлер да көп нерсеге кол коюп жоопкерчиликти моюндарына алып калышканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.06.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Союз тараганда болбогон эле акчага мамлекеттин мулкун менчиктеп алгандардан кайра алыш керек .жетет жакшы эле пайдасын корушту.эми эл корсун пайдасын .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: