30 жылдан кийин дүйнө жүзүндөгү тургундардын саны 9,7 миллиард адамга жетет

Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык, социалдык суроолор жана статистика департаменти изилдөө жүргүзүп 2050-жылы Жер тургундарынын саны 9,7 миллиардды түзөрүн билдиргенин чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Департаменттин маалыматы боюнча, 2030-жылы дүйнө жүзүндөгү адамдардын саны 8,5 миллиардга жетет. Акыркы 10 жылдагы медициналык технологиялардын өнүгүшү адамдын жашоосун узартууга жана дени соо ымыркайлардын төрөлүшүнө салымын кошууда. Мындан улам тургундардын саны көбөйүп жатканы белгиленет.
Дүйнөлүк эксперттер жана окумуштуулар, алардын бири физик-теоретик Стивен Хокинг адамзат Жер бетинде болгону 100 жыл гана жашайт деген ойдо. Азыркы жагдай өзгөрүлбөй жана адамзаттын жашоосунун уланышына шарт түзүлбөсө, адамдардын санынын көбөйүшү, климаттын өзгөрүшү жана ресурстардын азайуусу глобалдык катастрофага алып келет.

1926-жылы Кыргызстанда 660мин кыргыз болсо, бугун кыргыздардын саны 4.4 миллионго жетип отурат. 1984-жылы (адашпасам) жалпы кыргызстандыктардын саны 4милоионго жетсе, 2002- жылы 5 миллионго, 2015-жылы ноябрда 6 миллионго жетти.
Бир кеп айтаарда ойлонуп, чыендыктын козуно тике карап суйлоп журсок жакшы болмок, божомолдоп калпты урдура бербей!!!