super.kg logo

Жалпы республикалык тестирлөөнүн 9 рекордчусу, ЖРТнын тарыхындагы эң көп балл канча?

 

Жакында эле мектеп бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын угушту. Көбү алган баллына жараша жогорку окуу жайларды тандоо, кеңешүү менен алек. ЖРТ окуучулардын келечегине, кесип тандоосуна таасирин тийгизген систем. SUPER.KG порталы акыркы 9 жылдагы эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр жөнүндө маалымат берет. Алардын көбү жогорку балл алган сертификатын өлкөдөгү окуу жайларга пайдаланбай, билимин чет өлкөдөн улантышкан.

2009-жылы жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку баллды Евгения Щербакова алган. Кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Евгения 242 балл топтогон. ЖРТдагы максималдуу балл 245 болгондуктан Евгения Щербакованы ушул кезге чейин бир да окуучу басып өтө элек. Башкача айтканда, ал ЖРТ боюнча рекорд койгон бүтүрүүчү. Щербакова Түркиядагы эң престиждүү окуу жай - Босфор университетинин эл аралык мамилелер жана саясат таануу факультетине кабыл алынган. Аталган окуу жай жыл сайын Кыргыз өлкөсүнө 2ден гана квота бөлгөндүктөн ага тапшыруу абдан оор.

2010-жылы ЖРТдан 241 балл топтоп Эльмира Бугазова өлкөдөгү мектеп бүтүрүүчүлөрдүн эң алдынкы сабына чыккан. Ал Бишкектеги №6-окуу тарбиялык комплекстин бүтүрүүчүсү. Элмира келечектеги кесибине ээ болуу үчүн Москвадагы Н.Э.Бауман атындагы университеттин програмисттик бөлүмүнө тапшырган.

2011-жылы Кара-Балта шаарындагы №6-мектепти аяктаган Тимур Долгополов аттуу бүтүрүүчү ЖРТдан 237 баллга ээ болгон. Жыйынтыгында Тимур ошол жылдагы эң жогорку баллды топтоп, Борбор Азиядагы Америка университетинин программаны камсыздоону долбоорлоштуруу факультетине тапшырган.

2012-жылы Бишкектеги №61-физика-математикалык мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Мария Лукина ЖРТ боюнча астына ат салдырган эмес. Ал 238 баллга ээ болуп, билимин Борбор Азиядагы Америка университетинен уланткан.

2013-жылы да ЖРТдан эң жогорку баллды Мария аяктаган Бишкектеги №61-физика-математикалык мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Анжела Абдразакова топтогон. Анын баллы 237ни түзгөн. Жогорку билимин Орусиянын Новосибирск шаарындагы мамлекеттик университеттен алган.

2014-жылы бирдей жогорку баллга 3 бүтүрүүчү ээ болгон. 231 балл алып, өлкөдөгү окуучулардын алдына суурулуп чыккан Амантур Каниметов менен Диана Хегай дагы да болсо №61-физика-математикалык мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүлөрү. Экөө тең Борбор Азиядагы Америка университетинен билимин уланткан. 231 балл топтогон дагы бир окуучу - Бишкектеги №29-мектептин бүтүрүүчүсү Дмитрий Бодня да жогоруда аты аталган университетти тандаган.

2015-жылы да Бишкектеги №61-мектеп-гимназиянын окуучусу Вадим Курочкин ЖРТдан өлкө боюнча жогорку көрсөткүчкө ээ болуп, мектеп жамаатын дагы бир жолу кубандырган. Математика менен англис тили сабагын кызыгып окуган Вадим 237 балл алган. Ал да көпчүлүк жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр сыяктуу ЖРТнын жыйынтыгын Кыргыз өлкөсүндөгү ЖОЖдорго пайдаланган эмес. Ал Москвадагы Экономика жогорку мектебин тандап, учурда аталган окуу жайда билим алат.

2016-жыл. Кайрадан эле борбор калаадагы №61-мектептин окуучусу Данияр Ибраимов эң алдынкы көрсөткүчкө ээ болду. Данияр 237 балл топтоп, бирок Кыргыз жеринен билимин уланткан эмес. Ал Москвадагы физика-математикалык институттун математика факультетине тапшырган.

Бул жылы да жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку 236 баллды бишкектик окуучу алганы маалымдалган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
04.07.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анжела Абдразакова дан башка КЫРГЫЗ окуучулар болгон эмес окшойт и то Анжела КЫРГЫЗбы же
04.07.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орус туугандар го кобу
Биз ошондо жалкоолук кылып коюп жатабызбы билим алууда/ Мисалы мен билген мектептерде бюджеттик босогону аттап откон окуучу дээрлик жок((
Muslim_KGstana. түзөттү 2017-07-04 17:57:41
04.07.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргызда окуучуларга конул бурулбайт! Ата-энелер кор тирилик деп балдарын аран жонотот мектепке! Шаарда жумуш жок билинбейт айыл жергесинде жазда, куздо окуучуларды сыйпалап таппайсын! Баары талаада уйдокулорго жардым берип журот! Ата-энеси: мектептен пайда жок, ал сага бир сом бербейт, тирилигинди кыл дейт же жалганбы? Копчулугу мектептен суранып кетет же келбей коет и все...
04.07.2017. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
pixduel1,kechiresiz sozunuzgo koshulbai ketem, 2015-jyly menin bir klasstashym oblustan ekinchi mesta bolgon. Raion boiuncha birinchi. A mektep boouncha andai bal 2011-jyly bolgon eken
04.07.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
кудайым буюрса менин балдарым бул рекордтту басып өтөөр...Кудайымдан тилек кылам
05.07.2017. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mikella,аминь
04.07.2017. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бишкек шаарындагы №61 физика-математикалык мектеп-гимназиясы чындыгында күчтүү билим берет окшойт, рекорд койгон окуучулардын көбүнчөсү аталган мектептен чыккан окуучулар экен. Азаматтар!
04.07.2017. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустар
04.07.2017. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушудан эле билсек болот, Кыргыздар балдарым учун деп коебуз бирок именно эмне кылып атканыбызды билбейбиз?! Калп мактанганды жакшы коробуз чон там салып кымбат телефон карматып, а орустар кв да жашапда балдарын кружокторго окутат
04.07.2017. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
орустар тапкан акчасын балдарына жумшайт,бизге окшоп тойлорго,черный кассага,кафе ресторанга чачпайт
04.07.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
61 мектепте жалан еврейлер сабак берет
Mononoke түзөттү 2017-07-04 23:50:42
05.07.2017. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен 5-класска чейин айылда эле аябай кыйын окугам. Андан кийин окууну таштап салдым.Ошондой болсо да 141 балл алып мектеп боюнча ошол жылы биринчи болдум.Бюджетке өтүп кеттим.Бирок аны да окубай таштап койдум.
05.07.2017. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эх дейсин, канча кыргыз балдары бар, таланты бар танышы жок, танышы болсо таланты жок дегендей.Кыскасы бул рекорд койгон балдар кыргызстан учун иштейт бекен деген суроо туулат?
05.07.2017. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустар кыргвз тилден кантти экен
05.07.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар негизи жалкообуз, бир курбум айтат(ЖОЖ до проекттер мн иштейт) бир проект мн програмисстик курс ачышыштыр, бекер, абдан кызыктуу, жана да оор дейт, башында 30 адам кабыл алыныптыр, кийинчэрээк жалан орустар калып, кыргыздар качып кетти дейт. Аябай ичим куйуп, намыстандым дейт.))) жалкообуз, мейли айылда талаадан колубуз бошобойт экен, ал эми ошол эле №61 де кыргыздар окубайт бекен? жалкообуз эле.
05.07.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gordaya,негизи кыргыздарга караганда орустар жалкоо болушат, болгону система орусчалашып калгандыктан орустар үчүн бардыгы жеңил болуп калат, бул бир жагы, экинчи жагы кыргыздардын көпчүлүгүнүн шарты жалаң гана билим алуу менен чектелүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Биздин каадаларыбыз европа менен алышканга бут тосуп келет, ошондуктан кыргыздардан татыктуу адистер аз чыгат, кыйытып айтканда сейрек кездешүүчү адистердин мекенине айландык.
05.07.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БАЛЛ деген сөздү УПАЙ деп колдонуу керек беле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: