super.kg logo

Petya вирусунун чабуулунан эң көп жабыркаган өлкө Украина болду

 

Petya вирусу аркылуу алгач Украинанын компанияларынын компьютерлерине чабуул жасалып, андан соң башка өлкөлөргө тараган. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазышууда. Кибер чабуулдан эң көп жабыркаганы да Украина өлкөсү болгон.

The Guardian басылмасынын маалыматы боюнча, бул вирус АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги менен иштелип чыкканы болжолдонууда. Ал эми аны Shadow Brokers хакерлер тобу жайылткан. Буга чейин Украина кибер чабуулдарга Орусияны күнөөлөп келет. Өз кезегинде Орусия кибер чабуулдарды жасабаганын билдирген.

ABC News басылмасында бүгүнкү вирус дагы буга чейинки WannaCry вирусундукундай чабуул ыкмасын колдонгону, бул ыкманы АКШнын Улуттук коопсуздук агенттиги иштеп чыкканын жазган.

Белгилей кетсек, аталган вирус АКШнын да, Орусиянын да компанияларынын компьютерлерине залалын тийгизген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.06.2017. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусия эмне биз жасадык дейт беле? Алардын дагы бир амалы десе болот себеби Украинаны европа колдоп , орустар басып алган жердерди кайтарууну талап кылып келет. Эгерде кайтарса бул Орусиянын саясатына залалы тиет.Ошон учун колдон келишинче Украинага сокку берип жатышат.Биз тузака идинбейди эми...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: