super.kg logo

Экономист: "Улуттук банк доллардын наркын 70 сомдон жогорулатпайт"

 

Өлкөдө акыркы эки жума аралыгында доллардын наркынын өсүүсү байкалган. Мындан улам коомчулук адаттагыдай кооптонууда. Себеби анын наркынын өсүшү менен базар баасы дагы жогорулап, өлкөгө залакасын тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 28-июнда маалымат жыйында билдирүү жасады.

"Коркууга негиз жок. Бул болуп турчу жагдай. Мунай жогорулап-төмөндөшүнөн улам мындай көрсөткүчтөр болуп жатат”, - деди төрага.

Анын айтымында, ички валюта базарында туруктуулук сакталып, жыл башынан 22-июнга карата сомдун чыңдалуусу 0,9 пайыз чегинде катталган.

Кыргыз Республикасынын экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди:

"Кыргызда доллардын наркынын өсүшү Орусия жана Казакстан менен тыгыз мамиледе болгондугуна байланыштуу. Доллардын наркы 70 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок Улуттук банктын төрагасы “70 сомдон ары кетирбейбиз" деп сөз берип жатат. Ал эми доллардын базар баасына таасири тийбейт. Себеби базар баасы болушунча эле кымбаттады, мындан ары кымбатташы мүмкүн эмес. Анткени бул маселелердин баары көзөмөлгө алынып турат".

Белгилей кетсек, ушул жылдын май айында доллардын наркы 67 сом менен сакталып келген болсо, учурда 68-69 сомду түзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.06.2017. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Россияда иштегендер учун рублдун курсу жогоруласа жакшы болмок эле
28.06.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Козомолдо турабы?! Кен байлыгы менен биринчи орунда турган Россияда 1 жылда 28 ден 90 го чейин которулду. Биз козомолдойбуз деп айтыш кыйын гооуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: