super.kg logo

Жактоочу: "Үч күбө тең Текебаевге коюлуп жаткан айыптарга ынанымдуу жүйөлөрдү келтире алган жок"

 

Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өттү. Кечээ, 27-июндан баштап соттук отурумга негизги күбө катары келген адамдар сурак бере башташкан. Кечээ суроолорго жооп берип баштаган Алексей Модин көрсөтмөсүн аягына чыкпай калган. Бүгүнкү соттук отурум анын көрсөтмө берүүсү менен уланды. Андан соң Руслан Оңолбеков жана экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов күбө катары сурак беришти.

Текебаевдин жактоочуларынын бири Канат Азиз бүгүнкү соттук отурум тууралуу оюн төмөнкүчө билдирет: "Бүгүнкү соттук жыйында үч күбө суралды. Үчөө тең Текебаевдин миллион доллар алганын тастыктай алышкан жок. Алексей Модин көрсөтмөсүндө кечээкилерине караганда бүгүн адаштыбы же толуктадыбы билбейм, көп нерсени жаңылып айтып атты. 300 миңди кимге бергенин билбейм деди.
Ал эми Руслан Оңолбеков Талант Маматкеримовду Текебаев менен бир жолу да жолугушканын айтып бере алган жок. Модинди болсо Текебаевге акча берип "Мегакомго" директор болом деген деп айткан сөзүн Модин "менин андай жетекчи болуу оюмда жок болчу" деп тескери айтты. Абдырахманов болсо Маевский менен Текебаевди 2011-жылы январь, февраль айларында "Ак Үйдөгү" иш бөлмөдөн көргөм деди. Текебаевдин "сиз ал убакыттарда Америкада болчусуз да" деген сөзүнө "Билбейм мүмкүн декабрь болсо керек, иши кылса силерди көргөм" деп жатат.

Кыскасы бүгүнкү үч күбө тең Текебаевге коюлуп жаткан айыптарды тастыктай турган жүйөлөрдү келтире алган жок", - деди жактоочу.

Соттук отурум эртең саат 09:30да кайрадан уланмакчы.






Жактоочу: "Сотто күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү дал келбей жатат"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
28.06.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
текебаев чыгат анан сузот
28.06.2017. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уят дегенди билбеген наглый экен "бироо". Ишке ашырам деген арам ою полный провал!!!Таап келген орусу да Абдырахманов деген кубосу да мандраж, эмне деп айтаарын билбей. А сотторго соз жок!!!Кылган булганыч ишинерге Кудай кубоо.Ак ийилет бирок сынбайт.
28.06.2017. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Текебаевге каршы эч кандай жүйөө келтире албайтасынар соттор. Демек бул анын ак экенинен кабар берет. Барына белгилүү болуп калды эмне себептен аны кармап жатканыңар. Шайлоо...
28.06.2017. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул бийлик Текебаевдин компроматтарынан коркушат да Текебаевке боштондук
28.06.2017. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
текенин кадырын эми билдим
28.06.2017. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ak ekeninerdi dalildep turup ashanyn ozyn oturguzgula
29.06.2017. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вдруг эртен бийлик ооп Текебаевге келип калса ой соттор да куболор да жегени желим болот го. Же эки жуздуулонуп, кошомат кылып кутулуп кетишеби
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: