Парламентте мектептерди 5 күндүк окуу тартибине өткөрүүгө багытталган мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды
Бүгүн, 28-июнда парламентте мектептерди 5 күндүк окуу тартибине өткөрүүгө багытталган мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.
Мыйзам долбоорунда АКШда, Европа, Түштүк-Чыгыш Азия жана башка өнүккөн мамлекеттерде мектептерде беш күндүк окуу каралганы жазылган. Ошондой эле айрым өлкөлөр ал тургай төрт күндүк билим берүүгө өтүшкөнү айтылат.
Демилгечи депутат Дастан Бекешев мектептерде алты күндүк окутуу мугалимдерге жана окуучуларга ашыкча түйшүктөрдү жарата турганын билдирди. “Окуучулар үчүн ар кандай спорттук секцияларга, таанып билүү жана оюн-зоок ийримдерине катышуу, эс алуу үчүн убакыт калбайт. Жумасына алты күн бою билим алуу менен окуучу дем алыш күнү үй тапшырмаларын аткаруу менен алектенет. Мугалимдер да дем алыш күндөрү контролдук жана башка тапшырмаларды текшерүүгө муктаж болушат. Андыктан мугалимдерде эс алуу үчүн бир да күн болбойт”, - деди Бекешев.








1 |