super.kg logo

Үпөл Анаркулова Башкы прокуратурага жазган арызында Индира Жолдубаевадан депутатка карата кылмыш ишин козгоону өтүнгөн

 

Журналист Үпөл Анаркулова КСДП фракциясынан депутат Жылдыз Мусабекованын үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазганын «24.kg» маалыматтык агенттиги жазып чыкты. Маалыматты агенттикке укук коргоо органдарынан тастыкташкан.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Ү.Анаркулова арызга Мусабекова аны адепсиз сөздөр менен шылдыңдап, коркутканын жазган.

"Ал арызына депутат "спортчуларды жалдап, зордуктатам" деп айткан телефондогу сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусун да тиркеген. Анаркулова Башкы прокурор Индира Жолдубаевадан депутатка карата кылмыш ишин козгоону өтүнөт", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, ушул жылдын 27-апрелинде депутат Жылдыз Мусабекова "туура эмес маалымат жазгансың деп", - журналистти коркуткандыгы маалымдалган. Көп өтпөй журналист экөөнүн телефондогу сүйлөшүүлөрүнүн аудиожазуусун жарыялап, 12-майда бир катар бийлик бутактарына кайрылуу катын жолдогон. Өз учурунда депутат журналистти сөкпөгөндүгүн, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бул маселени карабай фракцияга жиберген эле. Фракция ушул кезге чейин депутаттын жоругун карай элек. КСДПнын лидери фракция депутаттын бул ишин кароого даяр экенин айтканы менен, Мусабекова ооруп калгандыгын айтып, 5 жолку жыйынга келген жок. Анаркулова фракция бул маселени парламент каникулга тараганга чейин создуктуруп жүрүп, каникулдан кийин унуткарып жиберүү аракетин көрүүдө деген оюн айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
28.06.2017. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ошондо прокуратура 2 айдан бери эшек такалап жатабы?!!

Атамбаевдин суротун орттогон жаранга кылмыш ишин дароо эле козгоп уже соттун окуму чыкты го, 4 жылга камалат деген! Чындыкты айткан Чолпон Жакуповага кылмыш иши козголуп отурат. А эмнеге прокуратура СДПКчыларга кылмыш ишин козгобойт?!! Ошол прокуратуранын озун жоюп салыш керек болуп жатат!!!
29.06.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отунуп койбой баштабайсынбы сразу
28.06.2017. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эгер ушул депутат Атамекен партиясынан болгондо арыз жазылган куну туну менен болсо да кара беткапчандар менен чооон кылмышкер каомагандай колун кайрып кишендеп алып барып камамак. Арыз жазылган кундун уч кун ичинде ооруп олгону калса да камаш керек эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: