super.kg logo

Баткенде боз эчки эмерлер 2 миң сомдон сатылабы? Кызыл китепке кирген бул жаныбар өтө сейрек кездешет

 
Учурда социалдык тармакта боз эчки эмердин жергиликтүү тургундар тарабынан кармалып, сатылып жатканы тууралуу маалымат тарады. Ал эми SUPER.KG`ге Нуржан Алымканова аттуу колдонуучу буларды билдирди:
"Боз эчки эмердин сүрөттөрүн тааныш туристтер жиберди. Аларга жергиликтүү тургундар кызыктуу нерсе көрсөтөбүз деп ошол айылга алып барышкан экен. Туристтер аны көрүп, оозу ачылып, араң эсине келиптир. Окуя 27-июнда Баткендеги Таян айылында, Сох анклавынын тушунда болгон. Тургундар эчки эмерлер 2 миӊ сомдон сатылат деп айтышыптыр. Аябай сейрек кездешет, бирок элдер алардын кимге кереги бар деп жазып жатышат, демек, бул маселеде эл караңгы", - дейт.
2016-жылы Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция Кыргыздын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айып өлчөмдөрүн жарыялаган. Анда боз эчки эмер Кызыл китепке киргизилгени жана аны мыйзамсыз атуу, кармоо жана жок кылгандыгы үчүн
4000 сом айып пул салынары көрсөтүлгөн.
Маалымат үчүн: Боз эчки эмер (дагы бир аталышы боз зем-зем, Орто Азия фаунасындагы ири кескелдирик) Иран, Афганистан, Орто Азия жана Түштүк Казакстандын бир топ аймактарында байырлайт. Ал эми Кыргызда тоо этектеги зоналарда, капчыгайларда, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө мурун кездешкени айтылат. 1985-жылы Ош шаарына жакын издери табылган, 1992-жылы Көк-Жаңгак шаарына жакын, 2005-жылы Баткен облусундагы айылдардын биринде байкалган.

Бардык жерлерде сейрек кездешет. Жашыныш үчүн кемирүүчүлөрдүн, куштардын, таш бакалардын ийиндерин кеңейтип пайдаланат, узуну 3 метрге чейин жеткен да ийин казат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
29.06.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Экемерлер адамга да кол салып канын соруп,жеп салышат деп уккам. Коркунучтуу го кобойуп кетсе:-о,бир жылдарды жаш баланын ичин жарып канын соруп кетитир эчкемер деп айтып журушкон. Эмнеге кылмышкерлерге окшотуп колун кайрып зым менен байлап салышкан,кайрыбай эле байласа бошонуп алат бекен же? эки мин сом арзан го? Кызыл китепке кирсе анда кармоого,сатууга тыйю салынса керек.
29.06.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул жандыкты Бишкеке алып келип жогорку соттун имаратына багыш керек экен.
Сот болуп жатканда бошонуп кетип биронун жеп кетсе ажап эмес.

Бирок айтатко карга карганын козун чукубайт деп.
29.06.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайдагы эчки эмер ачкамар дейбиз биз бул суроттогуну кескелдириктин чону экен да
29.06.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ayjan_90,озу эчки эмер да аталышы силер кыскартып койупсунар да
29.06.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Колу кыздардын колундайго))))
29.06.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл китепке кирген жан-жаныбарларды кармоого, олтурууго тыю салынат, кызыл китепке кирген осумдукторду жулуп талкалаган сыяктуу. Ошол себептуу ошол жергиликтуу тургундарды жазалаш керек! 200 000сом штраф толотуп же 6 ай камап койсо, акылы жайына келип 2000сом учун кызыл китепке кирген жаныбарларга тийбей калат!!!

Деги кызыл китепке кирген жаныбар же осумдукко зыян келтиргендерге мыйзам кандай жаза корот, супер иликтеп жазып койсо жакшы болмок.
29.06.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анткени ошол эле Баткенде кызыл китепке кирген Айгул гулун кучак толо тамыры менен жулган кызга болбогон штраф жазыптыр. Баарынан кызыгы штраф олчомун токой чарбасынын жетекчиси аныктаган. Качантан бери куноолуу же куноосуз экенин, штраф олчомун токой чарбаларынын башчылары чечип калышкан?!!

Эмне прокурата оозуна суу толтуруп алгансып унчукпайт?!! Кызыл китепке кирген жаныбар жана осумдукторду коргоо боюнча атайын мыйзам жокпу бизде?!!
29.06.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Араван р-нунун Тоо-Моюн оронундо азыркы кезде коп кездешет.
29.06.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чон кылмышкерди кармагандай колун артка кайрып зым менен кишендеп коюшканын байкушту
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: