super.kg logo

Президенттин аброюна шек келтирди деп айыпталган "Заноза" сайтынын журналистинин соту өтүүдө

 
"Заноза" сайтынын журналисти Нарын Айып (оң жакта)
Судья Гүлчехра Оморова

Бүгүн, 29-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда "Заноза" сайтынын журналисти Нарынбек Идиновдун (Нарын Айып) үстүнөн президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирди деген Башкы прокуратуранын доо арызы каралууда. Башкы прокуратура бул арыздын негизинде "Заноза" сайтын негиздеген "Промедиа" фондунан 3 миллион сом, журналист Нарын Айыптан 3 миллион сом талап кылууда.

Саат 09:30га белгиленген отурумда мамлекеттик айыптоочу ишке тиешелүү кошумча документтерди алып келгендигин судьяга билдирди. Идиновдун жактоочулары кошумча документтер менен таанышууга убакыт сурап, судья бир саат тыныгуу жарыялады.

"Заноза" сайтынын журналисти Идинов: "Бүгүнкү сотто менин 2015-жылы 22-октябрдагы макаламда "Атамбаев театрларга, кырсыктан каза болгон үй-бүлөлөргө акчалай жардамдарды берип жатат. Тээ бир кездери Чыңгыз Айтматов "мен Москвадан 50 миллион рубль алып келсем кийин дайыны чыкпай калды", - деп айтып жүрчү. Президент берип жаткан акча, балким, ошол жактандыр", - деп жазгандыгым боюнча Башкы прокуратура сотко доо арыз берген. Бүгүн ошол макала каралууда. Мындан башка да Өмүрбек Текебаевдин камалышына байланыштуу жазылган макалаларым боюнча да бар. Менин үстүмөн азыр жарыяланган 5 макалам боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына доо кетирди деп прокуратура сотко берген", - деди Идинов.

Эске салсак, Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Кийин Октябрь райондук соту Чолпон Жакупованын мүлктөрүн камакка алуу чечимин чыгаруу менен бирге Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айыпка өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салган.






Занозадагы" макала боюнча сот

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.06.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билсин да кимге суйлоп жатканын.

Биролордун тагдырын коруп жатып ушунча суйлойт.
29.06.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Журналды, интернет баракчаны окугандар кобойсун же ТВнын коруучулру арбысын деп айрым журналисттер чегинен ашып "ордокторду" учуруп, тушуно кирген божомолдорду жазып журналисттик этиканы сактабай жатышат. Президент болобу жонокой адам болобу далилсиз анын абройуна шек келтирууго эч кимдин акысы жок. Азыр копчулук журналисттер ушундай болсо керек деп эле ушакчы немелердей божомолоп жаза айта беришет. Адамдын укугун тебелоо,абройун тушуруу адатка эле айланып калгандай.
29.06.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Журналистердин аброюна шек келтирди деп ХХХ тенегендерди дагы сотко бериш керек да.Ар бир журналистке 3 миллиондон ондуруп берсе кана сот
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-29 15:18:01
29.06.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Прокуратура менен сот Мусабекованы абакка кесип, андан миллиондорду ондуруп бергенде гана калганын карап корсо болот. Болбосо мыйзам, сот, прокуратура Атамбаевди коргоо учун гана иштеп жатат. Аларга акчаны биз толойбуз салыктын эсебинен!!! Атамбаевине кошуп ошол сот, прокурор ж.б.баарын камап, жегендерин кустуруп турмодо чиритээр кун келсе кана эле..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: