super.kg logo

2 жылда 174 бала зомбулукка кабылса, 118ине сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүлгөн

 

Сексуалдык кордукка кабылып жаткан жаш балдардын саны жылдан-жылга өсүп жатканы тууралуу бүгүн, 29-июнда балдарды коргоо уюмдарынын жыйынында Балдарды коргоо борборунун өкүлү Фатима Аллаярова билдирди.

Балдарды коргоо уюмдарынын өкүлдөрү депутаттардан "Жаш балдарга сексуалдык мүнөздө кордук көрсөткөндөргө адамдардын жазасын катуулатуу" тууралуу даярдалып жаткан мыйзам долбоорун эс алууга чыга электе кабыл алууну талап кылышты.

"Биздин уюм 20 жылдан бери иш жүргүзүп келет. Мен соттордо балдардын кызыкчылыгын коргоп келем. Иш тажрыйбамдан, сексуалдык кордукка кабылган балдардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын байкап жатам. Акыркы убакта жаш кыздар эле чоңдордун сексуалдык кордугуна кабылбастан, эркек балдар да кабылууда. Атайын мыйзамдарды кабыл алып, алдын алуу иштерин жүргүзбөсөк болбойт. Ансыз кордукка кабылган балдардын саны өсүп жатат", - дейт Фатима Аллаярова.

Андан тышкары сексуалдык кордукка кабылган балдардын иши укук коргоо органдары тарабынан жакшы каралбай, соттор кылмышкерлердин жазасын жеңилдетип жатышканын кошумчалады.

Маалымат катары, өткөн эки жылда өлкөдө 174 бала чоң адамдар тарабынан зомбулукка кабылса, 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерине кабылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: