super.kg logo

"Иванушки International" тобунун мурдагы солисти Олег Яковлев каза болду

 
"Иванушки international" тобунда ырдап жүргөн кези. 2000-жыл.
Ырчы менеджери жана сүйүктүүсү Александра Куцевол менен
Ырчы менеджери жана сүйүктүүсү Александра Куцевол менен

Орустардын "Иванушки International" тобунун мурдагы солисти Олег Яковлев бүгүн, 29-июнда Москва убактысы боюнча таӊкы саат 07:05те 47 жашында каза болду. Бул тууралуу ырчынын менеджери жана сүйүктүүсү Александра Куцевол өздүк баракчасы аркылуу билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-июнда ырчы ооруканага оор абалда жеткирилгени, аппараттын жардамы менен дем алып жатканы белгилүү болгон.

Айта кетсек, Олег Яковлев 1969-жылы 18-ноябрда Монголиянын Улан-Батор шаарында туулган. Бул учурда ата-энеси аталган өлкөдө жумушуна байланыштуу жашап жүрүшкөн эле. Ырчы биринчи классты аяктаган соӊ Монголиядан СССРге кайтып келишкен. Ата-энеси, 2 эжеси менен алгач Орусиянын Ангарск шаарында, кийин Иркутск шаарында жашашкан. Олег Яковлев Иркутск шаарындагы театралдык училищенин "Куурчак театрынын актёру" адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.

"Иванушки International" тобунун курамына 1998-жылы кирген. Ал эми 2012-жылы жеке карьерасын баштап, бир жылдан соң топтон кеткенин жар салган.

Маалыматтарга караганда, анын ооруп жүргөнүнө көп болгон. Ырчынын өлүмүнө боордун циррозу жана өпкө оорусунун өтүшүп кеткени себеп болгон.

Олег Яковлев үйлөнгөн эмес. Акыркы кезде Александра Куцевол менен жашап жүргөн.






Иванушки International - Билетик в кино

Иванушки International - Тополиный пух

Иванушки International - Кукла (1999)

 
 Кыстарылган аудио 

Иванушки Инт. - Кукла

Иванушки International - Билетик в кино

Иванушки International - Тучи

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
Медиа-портал
29.09.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азамат! Umka220190!Конулдогу ырларды жуктойсун!
Медиа-портал
29.09.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жакшы ыр экен.Достор силерден сураныч Гулжигит Сатыбековдун лейлектик кызга деген ырын казакча ырдашыптыр го билсенер ырдын атын ырчынын атын жазып койгулачы кочуруп алайын суранамын достоооор
29.06.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жайы жаннаттан болсун!
29.06.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу орустар уйлонбой эле/урук-тукум калтыруу дегенди ойлонушпайт тообо
29.06.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул орусташып кеткен өзбек экен го
29.06.2017. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аябай жакшы ырдайт болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: