super.kg logo

Камбар-Ата-2 ГЭСинин иши убактылуу токтотулду

 

Камбар-Ата-2 ГЭСи жумушун убактылуу токтотту. Маалыматты “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева бүгүн, 29-июнда SUPER.KG'ге билдирди. Анын айтымында, ГЭСти күз-кыш мезгилдерине даярдоо үчүн пландык графиктин негизинде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу гидроагрегаттын жумушу убактылуу токтотулду.

"Мындай оңдоо иштери жыл сайын эле болуп келет. Себеби кыш мезгилине караганда жайында электр энергиясына болгон талап 3 эсеге аз. Азыркы энергетикалык талапты аткаруу үчүн өлкөдөгү гидростанциялар жана "Бишкек жылуулук борбору" иштеп чыккан электр энергия жетиштүү болот. Ал эми Камбар-Ата-2 суу сактагычындагы суу Токтогул суу сактагычына агып түшөт. Ошондуктан суунун бир куб метри да текке кетпейт", - деди Айдаралиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: