super.kg logo

"Занозанын" жактоочусу прокурорлорго: "Президенттин намысын коргойм деп жөнөкөй жарандын укугун тебелеп жатасыңар"

 

Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда "Заноза" сайтынын журналисти Нарынбек Идиновдун (Нарын Айып) үстүнөн президент Алмазбек Атамбаевдин аброюна шек келтирди деген Башкы прокуратуранын доо арызы каралууда. Башкы прокуратура бул арыздын негизинде "Заноза" сайтын негиздеген "Промедиа" фондунан 3 миллион сом, журналист Нарын Айыптан 3 миллион сом талап кылууда.

Сотто мамлекеттик айыптоочулар: "2015-жылдын 22-октябрында "Заноза" сайтында журналист Нарынбек Идиновдун "Миллионы от президента: За чей счет банкет на самом деле?" деген макаласы чыгат. Анда ал Алмазбек Атамбаев бир кездери Жазуучулар союзунда иштеп жүргөндө Москвадан бөлүнгөн 50 миллион рубль алды деген мааниде кеп кылат. Бирок Атамбаевдин бул акчага эч кандай тиешеси жок. Анткени ал маалда Атамбаев Жазуучулар союзунда штаттан тышкаркы кызматкер болуп иштеген. Ал бул союздун бухгалтериясына кийлигише алмак эмес. Ошондуктан президенттин кадыр-баркына шек келтиргендиги үчүн Идиновдон 3 миллион сом өндүрүп берүүңүздү өтүнөбүз", - деп кайрылышты судьяга.

Журналисттин адвокаты Акмат Алагушевге сөз берилгенде ал прокурорлорго кайрылып, "президенттин намысын коргойм деп жөнөкөй жарандын укугун тебелеп жатасыңар" деп айтты. "Президенттин укугун Башкы прокуратура коргоп жатат. Алар номер 1-коргоочу болгондон кийин баарын бирдей карашы керек. 3 миллионду жөнөкөй адамдан өндүрүп алып эмне кылат ал акчаны бул тууралуу сурай элекпиз. Айыптан алынган акчаны таркатып берем дегени популисттик нерсе. Эмне, буларды ыйлатып акчасын өндүрүп башкаларды жыргатыш керекпи?" - деди адвокат.

Судья саат 16:00гө чейин тыныгуу жарыялады.

Эске салсак, Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Кийин Октябрь райондук соту Чолпон Жакупованын мүлктөрүн камакка алуу чечимин чыгаруу менен бирге Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айыпка өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салган.






Журналист "Атамбаев акча уурдады" деп жазбаганын айтты

Журналист эмне үчүн соттолуп жатат?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: