super.kg logo

Өлкөдө 5 калктуу конушка "айыл" статусу берилди (тизме)

 

Кыргыз жериндеги 5 калктуу конуш "айыл" категориясына киргизилди. Тийиштүү мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун 29-июнда президенттик аппарат маалымдады. Документти Жогорку Кеӊеш 2017-жылдын 25-майында кабыл алган эле. Мыйзам 5-июлдан тарта күчүнө кирет. Кол коюлган мыйзамга ылайык, "айыл" статусун алган конуштар булар:

  1. Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат калктуу конушу;
  2. Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Жезкен калктуу конушу;
  3. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн Коткор калктуу конушу;
  4. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнүн Ак-Өргөө калктуу конушу;
  5. Ош облусунун Ноокат районундагы Найман айыл өкмөтүнүн Улуу-Тоо калктуу конушу.

Кошумчалай кетсек, 2017-жылдын 16-январында Боинг учагы кулаган Курулуш башкармалыгынын дачалары конушун да "айыл" категориясына киргизүү сунушталып жатат. Жергиликтүү жашоочулардын бул талабы орундала элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.06.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базар-Коргондогу конуштун аты кантет?
Башкача ат койсо болбойт бекен?
Уят эле!
Калган айылдарды оз элине кут кылсын.
Элим мынданда кобоё берсин!
29.06.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madina.87,Туура эле жазылган ошол айылдан болом мен..
29.06.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Адашып Ч тамгасын Т деп жазып алышпадыбы?
Ааламга жол айылдан башталат- дегендей айыл саны кобойуп оркундой берсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: