"Кыргыздын мигрант кыздарынын укугу корголбой жатат" дейт депутат Касымалиева
Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Касымалиева Кыргыздын мигрант кыз-келиндеринин укугу корголбой жатканын айтып чыкты. Бул тууралуу депутат 29-июнда парламентте билдирди.
"Маалымат каражаттарына Орусияда өзүбүздүн мекендешибиз тараптан бир келин бычакталып өлтүрүлдү, зордукталды деген маалымат чыкты. 2010-жылдан бери бул көйгөй жоюлган жок. Кыз-келиндердин укугун коргоо же өзгөчө көңүл буруу зарыл. Кыргыз мамлекетинен 16-17 жаштагы кыздар чет жерге иштегени барып ден соолуктары бузулуп жатат", - деди эл өкүлү.
Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Медетбек Айдаралиевге акыркы 1-2 жылдын ичинде мигранттардын абалы жакшырганын айтты. Чет жерде Кыргыз жарандары мекендештерин кордогон фактылар көп эмес деген пикирде.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
-1

Озунор жонотуп алып, эми бечара болосунар!!!
Кунаажын козун сузбосо дегендей болуп, абийир-намысы менен журсо, абийри таза турмушка чыгат эле го!!!