super.kg logo

Баткенде кармалган боз эчки эмер боюнча иликтөө иштери башталды

 

Баткен облусунун Баткен районундагы Таян айылында сейрек кездешүүчү боз эчки эмердин жергиликтүү тургундар тарабынан кармалып, 2 миң сомго сатылып жатканы кабарланган. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы SUPER.KG'ге бул факты боюнча териштирүү иштери башталганын билдирди.

"Баткен ОИИБинде мындай факты катталган жок, бирок ал боюнча териштирүү иштерин Баткен РИИБинин милиция кызматкерлери жүргүзүп жатат. Сөзсүз түрдө факты аныкталса, мыйзамдын негизинде иштер жүргүзүлөт", - дешти маалымат кызматынан.

2016-жылы Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция Кыргыздын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айып өлчөмдөрүн жарыялаган. Анда боз эчки эмер Кызыл китепке киргизилгени жана аны мыйзамсыз атуу, кармоо жана жок кылгандыгы үчүн
4000 сом айып пул салынары көрсөтүлгөн.
Маалымат үчүн: Боз эчки эмер (дагы бир аталышы боз зем-зем, Орто Азия фаунасындагы ири кескелдирик) Иран, Афганистан, Орто Азия жана Түштүк Казакстандын бир топ аймактарында байырлайт. Ал эми Кыргызда тоо этектеги зоналарда, капчыгайларда, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө мурун кездешкени айтылат. 1985-жылы Ош шаарына жакын издери табылган, 1992-жылы Көк-Жаңгак шаарына жакын, 2005-жылы Баткен облусундагы айылдардын биринде байкалган.

Бардык жерлерде сейрек кездешет. Жашыныш үчүн кемирүүчүлөрдүн, куштардын, таш бакалардын ийиндерин кеңейтип пайдаланат, узуну 3 метрге чейин жеткен да ийин казат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
29.06.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саткан да, сатып алган да кызык адамдарбы дейм.
29.06.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии олло кызык жаныбар го/ бечарани кыйнашыптыр го ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-29 15:59:02
29.06.2017. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muslim_KGstana.тузугум болбой кал.

Т.б. коркунучтуу жаныбарго
29.06.2017. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде Аксыда ото эле коп эле эми азайып атат. Этин суукжандар пайдаланчу. Отто ысыкчыл жаныбар кунду жакшы корот. айласын таппай калса адамга да нападение кылат. Тиштейт же куйругу менен урат.азыр деле табылат айылыбыздан бирок жаш балдар кобун олтуруп салышты окшойт
29.06.2017. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул эн коркунучтуу да. Чакса адам олот. Уулуу бизде далаа-дашта кездешет. Эчки сыйырларды бутуну тушап куйругу менен анан сутун ээмп койот дечу эле чон энемдер.
29.06.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдан тез жугурот.
29.06.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондугу канча болот
29.06.2017. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай ечки емер баткенде оло коп мен таянда жок болсо керек сох анклабында таяндын озбекстанга отуп кеткен катыке жайытында бар боз ечкемерлер
29.06.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кадимкидей эле эчкилерди эмеби. Сут эмуучулорго киреби же жырткычбы. Биринчи угушум.
01.07.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Su.Zeyd_89,ооба эммип олтурот эчкини
29.06.2017. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коптон бери сатылат жана сатып алышат.Эки минден беш жети минге чейин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: