super.kg logo

Балыкчынын төрөтканасы "эгиз баламдын бирин дарыгерлер бербей" койду деген жарандын түшүнүк катын жарыялады

 

"Эгиз төрөлгөн кыздарымдын бирин ооруканадан бербей коюшту", - деген күмөн менен УКМКга кат жазган Балыкчы шаарынын тургунунун окуясы боюнча шаардык оорукана жооп берди. SUPER.KG порталына Балыкчы шаардык ооруканасынын акушер-гинекологу Тилек Айдыралиева буларды айтат:

"Төрөлгөн ымыркайдын энеси Махабат Намазбекова кош бойлуу кезинде УЗИге түшкөндө аппарат түйүлдүктү 2 кылып көрсөткөнү чындык. Бирок бул бардык эле учурда эгиз болуп чыгат дегенди түшүндүрбөйт. Эненин жатынында суу көп болгондо түйүлдүк чагылышып, аны экөө кылып көрсөтүшү ыктымал. Муну "суу эгиз" деп коёт. Төрөткананын врач-акушери Б.Абдиев Намазбекованы кароого алып, курсактагы баласы телки, бирөө эле экенин аныктаган. Абдиевге кошумча врачтар Тилек Айдыралиева, Ч.Эркимбаевалар да энени текшерүүгө алышып, ичинен 1 гана баланын жүрөгү сокконун тастыкташкан.

6-июнь күнү эне табигый жол менен төрөй албагандыктан аны операция жолу менен төрөтүүгө туура келди. Наркоз жалпы эмес, жүлүнгө сайылгандыктан Намазбекова операция процессин сезип эле турган. Операциядан кийин врачтар эненин ичинен 3 килограмм 250 грамм салмактагы ымыркай кызды алып чыгышты. Бала энеге көрсөтүлгөн, андан соң атасына да көрсөткөнбүз", - дейт Айдыралиева.

Администрациядан билдиргендей, Махабат Намазбекованын жолдошу Данияр Чыбыевге келинчегинин төрөтү оор болорун эскертип, Каракол шаарына алып барууну сунушташкан. Бирок Чыбыев жана Намазбекова Балыкчыдан эле төрөттү кабыл алууларын өтүнүшүп, "доо артпайбыз" деп тил кат жазып беришкен. Учурда бул иш боюнча министрликтен түзүлгөн комиссия Балыкчы шаардык ооруканасын текшерүүгө алууда.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 6-июнь күнү Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жарган эне түйүлдүктү эгиз деп болжоп, телки бала төрөгөнүнө ишенбөөчүлүк кылган. Анын жолдошу Данияр Чыбыев 12-июнда арыз менен УКМКга кайрылган. Арыз УКМК тарабынан бир жуманын ичинде каралып, Каракол шаардык прокуратурасына жөнөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
29.06.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балыкчы
29.06.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Врачтар бардык жерде озун страховка кылуу учун операцияга чейин эле, оорулуунун жакындарынан тушунук кат жаздырып алуу модага айланган, айрыкча торотканаларда. Так что бул тушунук кат операцияга/бала торотууго чейин жаздырылып алынган тушунук кат экенинен эч шегим жок. Негизи врачтар мындай тушунук кат жаздырып алуудан уялышы керек!!!

Мен врачтарга ишенбедим, 8 жолу УЗИге тушкону чын болсо, аял курсагындагы бала 6-7 айлыгында да тушкон чыгаар, бул учурда УЗИнин адашуусу дээрлик мумк
29.06.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
дээрлик мумкун эмес!
29.06.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Patriot7, Патриот! Экинчи катында "Келинчегим Намазбекова Махабатты алып кетип атам" - деп чыгаарында жазыптыр.
29.06.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Телки деген эмне?
29.06.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mawa.32, Эгиз кутуп журуп бирок бир ( кыз, же уул ) баланын торолушу.
30.06.2017. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ишенбейм бироону торогону чын! тем более местный наркоз бериптир ОЗУ коруптур торолору мн энесине корсотуптур! Кудайдын бергенине сабыр кылгылада жазасы болсо созсуз алышат олом дебей атасы?! Кудай буйурса эгиз торойт деп журуш кк узиден кордум эгиз торойт созсуз дебей!!! Врачтарда кукукэнелер тороп таштап кетип аткан балдар толтура и так
02.07.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суу эгиз дегенди тим эле элди жинди ойлошконго. кантип эле суу баладай бп корунсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: