super.kg logo

Киргизия-2 айылынын администрациялык имаратында жашагандар чыгарылып, арыктын жээгине түнөп жатышканын айтышууда

 

Киргизия-2 айылынын администрациялык имаратында 15 жылдан бери жашагандар соттун чечими менен чыгарылып, үйсүз калышканын бүгүн, 29-июнда өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду.

Жашоочулардын жактоочусунун айтымында, ал убакта имараттын ээси "Керамика" Жоопкерчилиги чектелген коом болгон. "Керамика" ишканасынын өкүлдөрү жашоочулар имаратты оңдоп-түзөп жашаса, батирлерди менчикке өткөрүп алышса болорун айтышкан. Кийин имарат банкка күрөөгө коюлуп "Керамика" ЖЧКсы насыясын төлөбөгөндүктөн банктын карамагына өткөн. Ал эми тургундарды ушул айдын 16-июнунда тартип сакчылары соттун чечими менен чыгарып салышкан.

Аталган үйдө көп жылдан бери жашаган Сымбат Маатказиеванын айтуусунда таштандыга толгон имаратта оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшүп, электр тогун, газ түтүгүн алып киришкен.

"16-июнда саат 10:00дөр чамасында тургундардын көпчүлүгү жумушка кеткен учурда келип, буюмдарыбызды алып чыгып, үйдүн жанына таштап салышты. Ошол күндөн бери имараттын жанындагы арыктын жээгинде түнөп жатабыз. Банк менен келишим түзүп ипотека алып, жашап жаткан үйлөрүбүздү сатып алалы десек, менин 1 бөлмөлүү үйүмдү 14 миң долларга баалашыптыр. Анын 30 пайызын алдын ала төлөшүбүз керек экен. Бизде мынчалык кымбат баада сатып алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок", - дейт ал.

Маалымат жыйынга катышкан үй-жайсыз калган адамдар акыйкаттыкты президент Алмазбек Атамбаевден күтүп жатышканын, бийлик тарабынан чаралар көрүлүп, көп жылдан бери жашап келе жаткан үйлөрүн татыктуу баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүлөрүн өтүнүшөрүн айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.06.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
14 000 dollar 1 komnat ui arzan da, yraazy bolsonor. silerge beker bersinbi anan
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: