super.kg logo

Сүрдүрүлө турган "Нарын" рестораны жайгашкан жер тилке сатыкка коюлду

 

Бишкектеги "Нарын" рестораны жайгашкан жер тилке сатылары тууралуу жарыя жарнамалык сайттардын бирине жайгаштырылды. Аталган маалыматта Михаил Фрунзе жана Султан Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде "Нарын" рестораны жайгашкан 1 гектар 30 сотых жер тилке 5 миллион 500 миң долларга сатылары жазылат. Кулактандырууда көргөзүлгөн номер аркылуу байланышканыбызда, соттук иштер жакында толук аяктай турганын, жердин Кызыл китеби бар экенин билдиришти.

"Нарын" рестораны жайгашкан жер тилке шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Ал 1982-1983-жылдары Брежневге бункер катары курулуп, коопсуздук жана сапаты жагынан биздин өлкөдө Ак Үйдөн кийин эле турат. Бул баа эң эле арзан баа. Анткени бул жерди шашпай сатса, 10 миллион доллардан ашык турат. Аскар Акаевдин башкаруу убагында имаратты ээсинен тартып алышкан, эми ал кайра сот аркылуу кайтаруу аракетин көрүп жатат. Жакында соттун чечими чыгат", - деди имаратты сатыкка койгон кыймылсыз мүлк агенттигинин өкүлү.

Ал эми Бишкек шаарынын архитектура башкармалыгынан "Нарын" ресторанын 2016-жылы 9-августта атайын түзүлгөн комиссия "имарат жараксыз абалда, архитектуралык баалуулуктарын жоготкон, маданий мурас катары талаптарга жооп бербейт, реконструкциялоо максатсыз" деп табышканын кабарлашты. Ошондой эле учурда анын ордуна башка курулуш түшө тургандыгы тууралуу арыз келбегендигин билдиришти.

Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков рестораны сүрдүрүлө турганын айткан. Ал эми КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина “Нарын” ресторанын бузбоого чакырып, тарыхый жана маданий имаратты капиталдык оӊдоодон өткөрүп, Жаштар ордосуна айландыруу керектигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
29.06.2017. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сат сат сат аколтугундун жунун сат кыргызым
29.06.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сатып акчасын жеп эле турса бизде болду
29.06.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурун эле сатыш керек болчу.Ак уйду да саткыла.Ак уй жок бирок акча коооп болот.
29.06.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урмат эмне экенин билбеген жепжутарлар, лучше Акуйду сатпайсынарбы?!! Биздин бийлик жеткен акмак!
29.06.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андай жерлерди ондоп туздоп калыбына келтирсенер болбойбу кыргыз жеринде эски зданияларды сактап калбайсынарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: