super.kg logo

Өмүрбек Текебаев Маевскийдин эмнеге көрсөтмөсүн өзгөртүп жатканына кызыкты

 

Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев Маевскийдин эмнеге көрсөтмөсүн өзгөртүп жатканына кызыкты.

"Сиз баарын кечээ болгондой айтып жатасыз. Сиздин көрсөтмөңүздө 6 жолу 2010-жылдын 13-майында Абдрахманов менен менин бөлмөмдө жолукканбыз деп жатасыз. Бул тууралуу Модин да 6 жолу сиздин сөзүңүздү кайталаган. Бирок 2010-жылы Абдрахманов АКШда жашаганын айткандан кийин силер көрсөтмөңөрдү өзгөрттүңөр. Ошондой эле 2010-жылы июль айында Текебаев менен келип эки жумадан кийин 300 миң доллар алып келдим деп сиз 4 жолу айткансыз. Ал учурда мен Москвага эмес Европага баргам", - деди Текебаев.

Ал эми Маевский бул суроолорго 7 жыл мурдагыны күндүн ысык-суугуна карап гана мезгилдерди эстеп жатканын айтты.

"Сиз менен жолукканда жылуу болчу. Сиздин кандай кийинип келгеңизди да эстей алам", - деди Маевский.

Ошондой эле Текебаев "Модинге 500 миң еврону качан жана кандай максатта бердиңиз эле?" деп сурады. Маевский болсо 2012-жылы Модинге компаниянын атынан мыйзам чегинде бергенин айтты. Ал эми Текебаев Модин ал акчаны 2011-жылы алганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.06.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимисине ишенерини билбейсин
29.06.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Текебаев иштин буткону экен алганын чынго ботом.
29.06.2017. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахка ишенели!
29.06.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кубоолордун шермендеси чыгып жатат го. Конкретно алган болсо толтура фактылар менен жарга такамак Омукени.
30.06.2017. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акындар ыр токуйт бул Маевский болсо чалган айтат ошондо чалганчы токмо акын деп айтса болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: