super.kg logo

Адистер: "Ысык-Көл өрөөнүндө июль айында туруктуу аба ырайы сакталып, эс алууга шарт түзүлөт"

 
Акыркы 10 жылдын ичинде шамалдын ылдамдыгы 2010-жылы эң жогору болгон
Махбуба Касымова

Өлкө аймагында 5-июлга чейин туруксуз аба ырайы күтүлүп, шамал жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кыргыз Гидрометеорологиялык агенттигинин божомолдоолор бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымова билдирди.

"Бүгүнкү күндө алдын ала катуу шамал же жамгыр болот деп айтуу өтө кыйын. Биздин кызмат 5-июлга чейинки аба ырайынын көрсөткүчүн тактадык. Бул күндөр аралыгында жамгыр, катуу шамал күтүлүшү ыктымал. Ал эми жай мезгилинин июль айында Ысык-Көл өрөөнүндө нөшөрлөгөн жамгыр, кыйратуучу шамал катталбайт. Буга чейинки жылдарда жай мезгилиндеги аба ырайы кандай болсо быйыл да ошондой аба ырайы күтүлөт. Көлдүн жээгинде эс алуучулар кооптонбосо болот", - деп билдирди Касымова.

Адистердин айтымында, Ысык-Көл өрөөнүндө июль айында аба температурасынын жогорку көрсөткүчү +28 +32 градус болушу күтүлөт.

"Ысык-Көл ойдуңунда +32 градустагы жылуулук чанда кездешет. Жаңырган айда тынымсыз, көп күнгө созулган жаан, кыйратуучу шамал болбойт. Анткени бул өрөөн тоонун арасында, деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашкан. Учурда Ысык-Көлдө абанын температурасы түнкүсүн +11 +16 градус жылуу болсо, күндүз +22 +28 градуска жетип жатат. Ал эми көлдөгү суунун температурасы түнкүсүн 1,5 метр тереңдикте +16 +18 болсо, күндүз +18 +20 градуска жетет", - деп кошумчалады Касымова.

Гидрометеорологиялык агенттигинин маалыматына ылайык, соңку убактарда болуп жаткан катуу шамал 2010-жылдагы көрсөткүчкө жеткен эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: