Билим берүү министрлиги окуучулардын ата-энелеринин өздүк маалыматын топтоону убактылуу токтотту
Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын ата-энелеринин өздүк маалыматын топтоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда парламенттин жыйынында министр Гүлмира Кудайбердиева билдирди. Министрдин айтымында, маалымат топтоо 2016-жылы эле башталган. Буйруктун саясатка тиешеси жок экенин билдирип, ата-энелердин макулдугу менен иш жүрүп жатканын айтты. Буйрук каралып чыга турганын кошумчалады.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Мирлан Бакиров бул маалымат топтоо маданий тил менен айтканда, "ата-энеңди шайлоого ээрчитип кел" дегенди түшүндүрө турганын белгиледи.
“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев жарандардын жеке маалыматы боюнча маалыматтык базасын топтоо алардын Конституциялык укугун бузуу болуп санала турганын эскертти.



1 |