ЖЫЛНААМА, 30-ИЮНЬ: Америкалык мушкер Майк Тайсон 51 жашка толду
Америкалык мушкер, оор салмакта 2 жолку Дүйнө чемпиону Майк Тайсон Нью-Йорк шаарында 1966-жылы 30-июнда туулган. Ал 1978-жылы 12 жашында легендарлуу мушкер Мухаммед Али менен жолугушкан соң бокс менен машыгуу тууралуу ойлоно баштаган. 1981-жылы 15 жашында “боксту сүйүүчүлөр” рингинде 25ке жакын беттешүү өткөрүп, анын 6сында жеңилүүгө дуушар болгон. 1984-жылы Майк Тайсон АКШнын Олимпиадалык курама командасына талапкер катары киргени менен эки жолу тең Генри Тиллменге утулуп, Олимпиада оюндарына барбай калган. 1986-жылы 22-ноябрда Майк Тайсон бокстун тарыхында эң жаш дүйнө чемпиону аталган.
Майк Тайсон 1995-жылы 25-мартта ислам динин кабыл алган.
30-июндун жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















