super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 17-майда президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Анда өлкө башчы 19-майда Кыргызстан эли Энелер күнүн белгилерин айтып, Эне деген керемет сөз экендигин жана бардык тилде бирдей назик айтыларын билдирген.  

 

Энелердин мээрими адамды жарык дүйнөгө келгенден тартып колдоп жүрөт. Жашоодо алгачкы кадамды жасоого жөлөк болот. Турмушта өз жолун табууга көмөктөшөт. Эненин жүрөгү эң боорукер, айкөл жана кечиримдүү. Адам баласы өмүр бою эненин жылуу сөзүнө, колдоосуна жана кубаттоосуна муктаж. Кыргызстандын жалпы элинин атынан энелерди, бардык аялзатты жаркын майрамы менен куттуктайм! Ушул күнү ар бирибиз өз энелерибизди эстейбиз.  

 

"Бул майрам  энелерибизге  ыраазычылык билдирүүгө өбөлгө болсун. Энелерибизге телефон чалып, үйүнө барып куттуктап, небере-чөбөрөлөрүн жыттатып, кубаныч тартуулоого жакшы себеп болсун. Кымбаттуу апалар жана энелер! Ар дайым балдарыңардын ийгиликтерине ортоктош болгула,  неберелер эрмек болуп, көңүлүңөрдү көтөрүп турсун! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөдөгү ынтымак жана бардык жакшылыктарды каалайм! Кыргызстаныбызда тынчтык жана туруктуулук болсун!”- деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: