ЖЫЛНААМА, 30-ИЮНЬ: "Ананди" 20 жашка толду
Индиянын "Келин" аттуу сериалында Ананди ысымы менен башкы каармандын ролун жаратып, белгилүү болгон жаш актриса Авика Гор 20 жашка толду. Ал 1997-жылы 30-июнда Индиянын Мумбай шаарында төрөлгөн. Актриса "Келин" сериалындагы ролу үчүн "Мыкты аялдын ролу", "Мыкты жаш баланын ролу" номинацияларына ээ болгон.
Аталган тасмадагы ролу тууралуу Авика Гор: "Алгач 80 гана серияга катышмакмын, бирок эл менин аткаруума аябай кызыкканы үчүн 515 серияда роль ойнодум. Бул менин карьерамдагы жетишкендик деп билем", - деген.
Актриса кесибинен сырткары сууда сүзүүгө кызыгат. 2015-жылы Казакстанга барып, биринчи жолу карды көрүп таң калганын маалымат каражаттары жазышкан.
30-июнга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Чиркин азыр гул маалы экен да