super.kg logo

Сот "президенттин аброюна шек келтирди" деп "Заноза" сайтын жана экс-депутатты 12 миллион сом айыпка жыкты

 

Бүгүн, 30-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда "президенттин аброюна шек келтирди" деп айыпталган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупова менен "Заноза" сайтынын соту өтүүдө.

Анын жүрүшүндө прокурор сотко кайрылып: "Жакупованын 30-марттагы тегерек столдо айтылган сөзүн Атамбаевдин кадыр-баркына доо келтирет деп таап бериңиз. Ал жерде айтылган сөздөр чындыкка дал келбейт. Мисалы, кадыр-баркына доо келтирген сөздөр: "маньяк", "президент Конституцияны сыйламак тургай окуган эмес" жана башкалар. Бүгүнкү соттун жүрүшүндө "Заноза" сайты тарабынан сөздөрдү орун алмаштырып сөз оюндары болгону аныкталды. Макаланы чындыкка дал келбейт деп таап, жооптуу адамдарды 3 миллион сомдон моралдык чыгым катары төлөтүп берүүңүздү өтүнөбүз. Макалада же Жакупованын сөзүндө президент деп так айтылбаса да, макалада сөз президент тууралуу болгон. Ал эми Чолпон Жакупова сөз эркиндигин ашыкча колдонуу менен президенттин кадыр-баркына доо келтирген", - деди мамлекеттик айыптоочу.

Жактоочуга сөз берилгенде ал: "Жакупова тегерек столдун катышуучусу катары эле оюн айткан. Башкы прокуратура Чолпон Жакупова "мындай айтты, андай айтты" деп соттун ордуна чечим чыгарып жатышат. Эгер президенттин кадыр-баркына шек келтирген деген эксперттин жыйынтыгына карап көрсөк, ал соттук экспертизанын жыйынтыгы эмес, илимий көз караш катары бааласак болот. Чолпон Жакупованын сөзүндө президенттин аты да айтылган эмес, анан кантип иш козгоого болот? Моралдык чыгым катары 3 миллион сом деп бааланыптыр, аны кайдан таап, эмнеге таянып аныкташты? Эмнеге 100 миң эмес же башка сан эмес? Доо арызды толугу менен жокко чыгарууну өтүнөм", - деди жактоочу.

"Занозанын" түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып: "Жакупованын тегерек столдо айтканын "Заноза" жазып берди, бирок төлөп берүүчү чыгым бирдей болууда. Ушундай болуп жаткан соттор саясий куугунтуктун бир бөлүгү катары баалайм. Сөз эркиндигин чектөөгө алуу авторитардык башкарууга алып келет", - деди Айып.

Жыйынтыгында судья кеңешүү бөлмөсүнө кирип кайтып келген соң чечимин окуду. Ага ылайык, сот Башкы прокуратуранын доо арызын канааттандырды.

Эске салсак, Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин экс-депутаты Чолпон Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана "Заноза" сайтында жазылган материал боюнча президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Башкы прокуратура "Занозанын" башкы редактору Дина Маслова, сайттын түзүүчүлөрдүн бири Нарын Айып, Чолпон Жакупова жана "Заноза" сайтына 3 миллион сомдон доо койгон. Жалпы доонун баасы 12 миллион сом болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
30.06.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул уятда еми Аша
30.06.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
bekov01,сага окшогон добдурлорду да доого жыгыш керек.Аша деп не президент аяш атанбы
gulperi.kg түзөттү 2017-06-30 16:44:54
30.06.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
gulperi.kg,президентке тактыктуу эмес аша аяш ата
30.06.2017. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
gulperi.kg, Сиздер жакта аша деген аяш ата дегенди тушундуробу? бизде президентибиздин аты ошондой. Гулдой сулуу болсонуз керек! Ехх Кыргызымдын кыздары!
bekov01 түзөттү 2017-06-30 23:39:30
01.07.2017. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gulperi.kg, мен АШАны ХХХ деп жазгым келет, бирок админ очуруп коет деп оюмдагы созду айтпай турайын. Бирок чындыкка унулсок Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Сариев, Каптагаевдердин айынан жуздогон адам олуп, миндеген адам жабыркады, майып болду. Ош окуясынын чыныгы куноокорлору бул "убактылуу Окмот" мучолору, анын катарында Атамбаев дагы!! Ош коогаланы тегин жерден чыккан жок, анын келип чыгышына "убактылкулардын" туздон туз тиешеси бар!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-03 11:59:28
30.06.2017. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлаганда сыйды билиш керек ошон учун
30.06.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Откондо президент да текелердин аброюна шек келтиргендей болду беле?
30.06.2017. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Журналистти коркуткан депутатчы? Эмнеге ал соттолбойт?
30.06.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
сасыган партия деген учун эмнеге президент жооп бербейт. партиянын артында жуз миндеген адамдар бар.
30.06.2017. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кандай эле заман болуп жатат бул?
30.06.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адам деле болбой калды. Соттордун баарын мыйзамсыз соттогондо тушунот да.
30.06.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кыргыз кайдыгерликтин туу чокусуна жетти окшойт эми!
30.06.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Розу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун деген заман
30.06.2017. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Олтуруптурго такыр эле. Жанагы бок ооз жепжутатын эмнеге соттобойт анткени анын крышасы аша
01.07.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттор биринчи Атамбаев менен Мусабекованы соттошсун, эгер ушул экоо соттолсо, калгандарынын соттолгону балким адилеттуу болоор. Атамбаев менен Мусабекованын ооздорунан чыккан ириген-чириген создорду санап кереги жок, эл билет! Биринчи ошолор жооп берсин, айткан создоруно, башкаларды кое туруп.

Бул соттордун озун камап салыш керек, Атамбаевдин "куурчактарын"...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: