super.kg logo
  Саясат  

Чыныбай Турсунбеков эмне үчүн Камчыбек Ташиев андан кечирим сурап, 50 миң сом айыпка жыгылганын айтып берди

 

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламенттин аткарган иштери туурасында маалымат жыйынын өткөрдү. Журналисттер Турсунбековго байланышкан бир канча жыл мурда болгон чуулгандуу окуяларды эске салып, "Ликёр-арак" заводу боюнча сурашты.

“Ооба, өз убагында "Ликёр-арак" заводу боюнча менин тегерегимде маселе болгон. Бир эле Камчыбек Ташиев эмес парламенттеги башка депутаттар да бул маселени көтөргөн. Ал тургай Бюджет жана финансы комитети сунуштап, депутаттык комиссия да түзүлгөн. Депутаттык комиссия 12 пункттан турган тыянак чыгарган. Бирок бир да пунктунда мыйзам бузуулар, Турсунбековго байланышкан жагдай табылган эмес. Сот бул ишти карап чыккандан кийин Ташиевге кечирим суроо жана 50 миң сом айып төлөө боюнча өкүм чыгарган”, - деди Турсунбеков.

Ал эми "Ликёр-арак" заводун сиздин аялыңыздын иниси сатып алганы боюнча маалыматты ырастай аласызбы?” - деген журналисттин суроосуна төрага: “Бул маселеде бир гана менин атым аралашкан. Бул жерде Турсунбеков тууралуу эле сөз болгон”, - деп жооп берди.

Эске салсак, 2012-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышында ошол кездеги “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев Чыныбай Турсунбековду "Ликёр-арак" заводу менен байланыштырып, 133 миллион сомго бааланган заводду 66 миллион сомго сатып алганын айтып, бул үчүн коомчулуктун алдында түшүндүрмө берүүсүн талап кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: