super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Көп адамдын сырын угуп ичиме катканым менен, менин сырымды сактаган адам жок"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сырларыңды ким менен бөлүшөсүң?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Сырымды, арманымды, капа болсом, сүйүнсөм, алдыдагы пландарым жөнүндө эжем менен бөлүшөм".

"Жашырган сырым деле жок экен, бирок кээ бир сөздөрдү кимге, качан айтышты билүү керек. Жолдоштун, курбунун, бир туугандын ар биринин жолу башка, ошондуктан эч кимге айта албаган сырыңды жолуккан жолоочуга айтып койсоң да жеңилдейсиң же жакшы кеңеш угасың".

"Сырларды ичке катам. Апама айтпайм. Ага айтып, аны ойлонтуунун эч кажети жок, менде эже-сиңди жок. Бир курбум бар эле, ал менен аябай сырдаш болчумун, күйөөсү бир балээ чыкты, бизди алыстатып жиберди. Негизи жалгыз ошол курбума ишенчүмүн. Баарын ичке сактаган да болбойт, жинди болуп кете жаздайсың, баарын бөлүшкөн адамың болсо жакшы, жеңилдеп аласың".

"Эжеме ишенгендей башка эч кимге ишене албайм. Апам менен жалаң жакшы, сүйүнүчтүү нерселер менен гана бөлүшөм. Анткени кайгы-муңумду айтып, кыжалат кылып ойго салгым келбейт. Анан да досума караганда жолдошум менен көбүрөөк сырдашам".

"Ишенгеним апам, ал менин сырдашым. Убагында жакын досума баарын айта берчүмүн, кийин башка кыздардан угуп баштагандан кийин дос дегенге сыр ачпай калгам. Апама айта албаган сырларымды ичиме сактай берип түнт да болуп баратат окшойм".
"Көп адамдын сырын угуп ичиме сактаганым менен, менин сырымды угуп, ичине сактай турган адам жок. Апама айтчумун, ага да айтпай калдым. Жеңеме айтчумун, ал да ишеничтен чыкты. Көбүнчө уюлдук телефонума СМС кылып жазам. Бардык сөзүмдү жазып сактап коём. Убакыт өткөндөн кийин окусаң "бул күндөр да өтөт" деген сөзгө ишенесиң".
"Сен бир адамга айткан сырыңды эртең элден угуп алып таңыркаба, анткени сен сактай албаган сырды эмнеге экинчи адам сакташы керек? Эки адам билген нерсе сыр эмес" деген Чубак ажынын жакшы сөздөрү дайыма эсимде турат. Өзүм болсо чектен чыкпай баары менен сырдаша берем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.06.2017. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка адамды сага жамандап келген адам соссуз сени да жамндашы мумкун.
30.06.2017. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сырымды айтып, ичимди бошотуп женилдейин деп бир адам издеп журом, тилекке каршы эч ким жок.
01.07.2017. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага айткыла,адамдардын ички туюмун изилдеген аябай жагат.Илим катары кызыгам.Себеби,адамды угуп,туура тушунуп,жашоодогу ойлоруна кызыгам.
01.07.2017. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озун ичине каталбаган сырды башка бироо ичине каталат беле.
01.07.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка бироого сыр айтып жатканда, абайлаш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: